Кароолчу Жандыктар

Википедия дан

Кароолчу Жандыктар — эпос боюнча кытай-калмак чек арасын кайтарган мифтик жандыктар. Алар "Манас" эпосунда: "Түлкүсү жатат белинде, Өрдөгү жатат көлүндө, Кулжасы жатат каңкайып, Коймого койгон жеринде" (Саякбай Каралаев, 2. 126),— деп сүрөттөлгөндөй жоонун колу келе жатканын Коңурбайга кабар салышат.

Мисалы, Чоң казат мезгилинде чалгындап барган Алмамбет, Сыргак баатыр тарабынан Куу Кулжа менен Куу Түлкү ажал табат да, амалдуу Куу Өрдөк кутулуп Коңурбайга кыргыз колу келгенин кабарлайт. Сыйкырдын жардамы менен иштелип, душман сакчыларынын милдетин аткарышкан Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн образдарына негизинен ашкере куулукту туюндурган амалкөйлүк, митайымдык сапаттар топтоштурулган. Буларды Манастан чочулаган Коңурбай сыйкырдын күчү менен кыргыздардын жолуна атайы кароолго койдурган. Мындай образдардын түпкү тегинде жаратылыштын ээси жөнүндөгү ("Кожожаш" эпосундагы Суречки тибиндеги) ишеним жатат. Небак унутулган маанисин билбеген айтуучу элести поэтизациялоонун негизги жолу деп ага чектен тыш, өзгөчө сапат, касиетти таандыкташтырууну түшүнөт. Натыйжада кароолчулук милдет аткарган жандыктар каармандарга жардамын тийгизүүчү касиеттүү күч катарындагы абалынан өзгөртүлүп, адамдар өз акыл күчүнүн жардамы менен жасап алган куралга айландырылып берилип калган. Ошондуктан, кытай баатыры Коңурбайдын кароолго Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн образдарынын негизинде байыркы адамдардын адам баласына жат, оңго карама-каршы турган сырдуу күчтөр жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн өз формасын өзгөрткөн үлгүлөрү жатат да, "Манас" эпосунун алгачкы жомоктук-мифологиялык абалына тиешелүү болот."Семетей" эпосунун да байыркы катмарын К. ж-тар жөнүндөгү түшүнүктөр түзүп, адамдардын магиялык, анимизмдик ишенимдер менен байланышта сүрөттөлөт. Бээжинге бет алган төрт баатыр (Семетей, Күлчоро, Канчоро,Бакай) Кытай чек арасына жеткенде ар кандай тоскоолдуктарга учурайт. Мындай тоскоолдуктар камырабастыктан, Бакайдын айткандарын так аткарбагандыктан келип чыгат.Бакай Семетейге Коңурбайдын сакчы айбанаттары жөнүндө түшүндүрүп, ("Манас" эпосунун "Чоң казат" эпизодунда өлтүрүлгөн) Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн балдары калгандыгын эскертет. Манастын кунун кууп, өчүн алуу үчүн Коңурбайга каршы аттанганСеметей баатыр алды мененБакай эскерткен сакчы айбанаттарды жайлайт. "Манас" бөлүгүндө сакчылык милдет аткарган К. ж-дан айырмаланып"Семетей" бөлүмүндөгү сакчы жандыктар негизинен кийинки экинчи муундун өкүлдөрү. Демек, эпикалык душман баатырларынын чек арага койгон ушул кабарчылары эпостун эки бөлүмүндө тең бирдей сакчылык милдет аткарган мифтик образдардан болуп саналат. Түрк, моңгол элдеринин эпосторунун өнүгүшүнүн алгачкы этабында магиялык мүнөздөгү айбанаттардын ролу айрыкча маанилүү орунду ээлейт. Мисалы, мифтик образ Эрликтин айбанаттардан (кузгун, төө жана башкалар) жардамчылары болгондугу Алтай эпосторунда баяндалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4