Карыке Абдраев

Википедия дан

Абдраев Карыке (1932-ж. т., Ысык-Көл району, Корумду айылы - 2009) — мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери (1992).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1955-ж. Москва текстиль институтун бүтүргөн.
1955—61-ж. чарбалык жооптуу кызматтарда иштеген.
1961—67-ж. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү чарба министрлигинин өнөр жай башкармасынын жетекчиси, Кыргызстан министрлер Советинин алдындагы калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө башкы башкармасында өндүрүш-техника бөлүмүнүн жетекчиси.
1967— 70-ж. Республикадагы калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө министринин биринчи орун басары.
1970—80-ж. Ысык-Көл облустук Эмгекчилер депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.
1980—85-ж. Кыргызстан КП Талас облустук комитетинин 1-катчысы.
1985—91-ж. Кыргызстандын Жергиликтүү өнөр жай министри.
1991-ж. Жергиликтүү өнөр жай ишканалар концернинин, 1992-жылдан бери ошол эле ишканалардын ассоциациясынын төрагасы.
1992-жылдан Республикадагы Кыргызстан — Түркия достук коомунун президенти.
1971—85-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин, 1984— 89-ж. СССР Жогорку Кеңешинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.