Касымов, Туратбек

Википедия дан

Туратбек Касымов - 1942-жылы туулган. Жогорку билимдүү экономист. 1965-1970-жылдары өз колхозунда башкы экономист, башкы бухгалтер болгон. 1971-1973-жылдары компартиянын Ысык-Көл обкомунда инструктор, 1973-жылдан 1976-жылдары эл депутаттарынын Жети-Өгүз райондук Советинин аткаруу комитетинин төрагасынын орунбасары, 1976-жылдын ушул эле райондогу Ысык-Көл колхозунун башкармасы болуп иштеген. 1990-жылдан баштап эс алууда. Үй-бүлөөлү, алты баланын атасы, неберелери бар. Чыгармачылыкка жашынан ынтызаар, эс алуусун жазуу менен коштоп келет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Т. Касымов. Мейиз сулуу (тарыхый көркөм дастан) Б., 2004.