Катарсиc
(грекче κάθαρσις – тазалануу) – байыркы грек философиясынын эстетикалык санаага батуунун маңызын чагылдырган термини. Аталган термин пифагорчулардын мектебинде пайда болуп, алар денени өнүктүрүү үчүн гимнастика жасоону жана жанды тазартуу үчүн музыка угууну сунуш кылышкан. Эмпедокл дагы акылдан айнуу ички дүйнөнүн “таза эместигинен” пайда болоору тууралуу айткан. Стоиктердин маалыматы боюнча, Гераклит от менен тазаланууга үйрөткөн. Катарсис тууралуу жогорудагы материалисттик окууларга каршы Платон денеден, ыплас рахаттар менен кумарлардан бошонуу аркылуу гана жанды тазалоого боло тургандыгын айткан. Жалпы жонунан Платон Катарсис терминин кеңири мааниде дененин тазаланышы катары колдонгон. Аристотел музыканын тарбиялык, тазалоочу жана көңүл ачуучу маанисин баса белгилеген окууну иштеп чыккан, музыканын таасири астында адамдар жеңилденишет жана аффекттерден бошонушат, ошону менен катар эле “зыянсыз кубанычка” ээ болушат. (Аристотель тарабынан трагедия аффекттерден тазалануу катары аныкталган да, автор тарабынан эч кандай чечмелөөлөр берилген эмес. Натыйжада, илимде Катарсисти кандай түшүнүү керек тууралуу адабияттар пайда болгон. Лессинг аристотелдик Катарсисти моралдык, Э. Мюллер гедонисттик, Я. Бернайс медициналык, Э. Целлер нукура эстетикалык, К. Целль диний жана мистикалык маанайда түшүнүшкөн. Илимде аристотелдик Катарсистин маңызы тууралуу маселени толук чечкен жобо жок, б. а. бүгүнкү күнгө чейин). Аристотель тазаланууну бардык аффекттерден арылуу же аффекттерди кандайдыр бир гармониязациялоо катары түшүнгөндүгү анык эмес. Бул маселени чечүү үчүн Аристотелдин “Поэтикасын” гана эмес, калган чыгармаларын да терең өздөштүрүү талап кылынат. Фрейддин окуусунда Катарсис термини психоанализдин методдорунун бирин белгилөө үчүн колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8