Зигмунд Фрейд

Википедия дан
Фрейд, Зигмунд‎»‎ барагынан багытталды)
Зигмунд Фрейд

Зигмунд Фрейд же Фройд, толук ысымы — Зигисму́нд Шло́мо Фройд (1856–1939) — австриялык невропатолог, психиатр, психолог; психоанализдин негиз салуучусу.

Вена университетинин профессору (1902). 1938-жылы Австрияны нацисттик Германия басып алганда Улуу Британияга эмиграцияга кеткен.

Фрейддин алгачкы эмгектери баш мээсинин физикологиясына жана анатомиясына багышталган. 80-жылдын акырында Франциялык мектептик (Шарко, Бекинайм) таасиринин астында невроз проблемасы менен иштеген, 90-жылдын ортосунан психоанализди психотерапия жолу менен невроздорду дарылоо методун иштеп чыккан. Ал метод эркин ассоциация техникасына негизделген жаңылыштык аракеттерди анализдөө жана түш көрүү акыл-эссиз өтүп кетүүчү жол катары экендигин иштеп чыккан.

Фрейд биринчилерден болуп секуалдуулуктун өнүгүшүнүн психологиялык аспектилерин изилдеген, аларды бир катар статияга бөлүштүргөн. Фрейд көз карашынын идеялык эволюциясын жыйынтыктаганда ал “физиологиялык матерализмден” психикалык автономдуулукту бекемдөөгө өткөн жана жашоонун философиясынын натуралисттик жашоонун философиялык түзүүлөрдү жараткан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9