Катраң-Башы алюминий кени

Википедия дан

Катраң-Башы алюминий кениБаткен облусунун Кадамжай районунда, Түркстан–Алай кырка тоосунун Түндүк капталында, Катраң-Башы тоосунда, деңиз деңгээлинен 1450–3000 м бийиктикте. Издөө иштери 1964–73-жылы жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон менен алгачкы таш көмүр мезгилиндеги карбонат катмарларынан түзүлгөн. Алардын диаспортемирлүү курамында бокситтин 100дөй жикчеси бар. Алюминий кычкылынын өлчөмү 38,38–62,76%, оттук таш модулу 2р–8,4. Алюминий кычкылынын болжолдуу запасы 4110 миң тонна.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]