Качыралытөр тоосу

Википедия дан

Качыралытөр тоосуФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Өзгөн районун аймагында, Жазы жана Каракулжа сууларынын аралыгында кеңдик багытта дого сымал 25 кмге созулуп жатат. Туурасы 10–13 км. Орточо бийиктиги 3700–4100 м, эң бийик жери 4381 м. Суу бөлгүчү кырдуу, аска-зоокалуу.

Капталдары тик, майда капчыгайлуу, кокту колоттуу. Карашоро ашуусу бар. Юранын конгломерат, кумдук, гравелит, аргиллит тектеринен турат. Шалбаалуу токой (карагай арча; 2900–3100 м бийиктикке чейин), субальп жана альп шалбаа (3200–3300 мге чейин), гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]