Кемин кум-шагыл кени

Википедия дан

Кемин кум-шагыл кени Чүй дубанынын Кемин ооданында, Кемин кыштагынан 12км чыгышта, Чүй дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1130–1350м бийиктикте. 1971-жылы Түндүк Кыргыз геология экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропогендин аллювий чөгүндүсү түзөт. Пайлалуу кум-шагыл катмары Чүй дарыясынын кашат тектирин түзүп жатат. Кен бири биринен 1км аралыктагы үч участкадан турат. Биринчи участканын узундугу 660м, жазылыгы 100м; экинчисинин узундугу 620м, жазылыгы 200м; үчүнчүсүнүн узундугу 520м, жазылыгы 100м. Катмардын калыңдыгы 5,6мден 14,55мге чейин. Шагылдын 20ммден кесеги 67,56% чейин, аны майдалап бетонго пайдаланса болот. Кумда чаң 7,5% чейин, аны жууп, чаңдан арылткандан кийин гана бетонго пайдаланууга сунуш кылынат. Запасы А+В категориясы боюнча 2732 миң м3, А – 813 миң м3, В – 1919 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]