Кенен

Википедия дан

Кенен"Манас" эпосундагы кейипкер, Манастын чебереси. Сейтектин уулу. Сейтек кан болуп, эли бейкут жашап жаткан учурда чоң атасы Манас түшүнө кирип, ага Зулпукор кылычын тапшырат. Кереметтүү бул түштү Акжолтой мыкты уулдуу болот экенсиң деп жоруйт. «Перизада Берметжан, Белгилүү Сейтек зайыбы, Жолборско талгак болуптур» (Кол жазмалар фондусу, 960-инв., 145-б.). Муну билген Акжолтой жолборс уулап, салбырынга чыгып, жети күн кыдырып таппай, Кара-Кыя капка ташка келип, Кулунсур тулпарын жайдактап, уктап калат. Таң сүрө чочуп ойгонсо, чагарак куйрук чаар жолборс Акжолтойду чала турган болуп калыптыр. Акжолтой маша тартып жиберсе, жолборс адам болуп кубулат. Ал Акжолтойду сынаганы, даарыганы келген Кызыр экен. Анын жетелеген бышты тулпары бар. Медиян чөлүндө өлгөн ажыдаардын уусу чачылган жерден өсүп чыккан жаңгактын мөмөсүн жесе Берметтин талгагы канып, кийин Кенен аттуу уул төрөрүн айтып, жаңгак берет. Ал эми жетелеген бышты тулпары — Кенендин келечекте мине турган Кертулпары экен. «Кенен төрөлгөндө Бээжиндеги зор Айган, Чоң Билгичтер коркуп жанынан түңүлүшөт» деп көздөн кайып болот.

Акжолтой кызырдын белегин Акберметке бергенден кийин тогуз ай, тогуз күндөн кийин катуу толготот. Жерге түшкөн баланын үнүнөн, бакырган сүрүнөн он эки кемпирдин жүрөгү түшүп өлөт. Аркасында карыштай кара жалы бар балага «Кенен» деген ат коюлат, ал тез эле өсүп жетилип, Кертулпар атты минип, келберсиген кан болуп, журт башкарганга жарап калат.

Эзелтен Манастын тукумуна душмандыгы бар Жанаалы, Карачтын Эбегей, Көгөй аттуу уулдары Семетей өлүп, Сейтек калганын угуп, эки атабыздын өчүн алабыз деп жөнөшөт. Душман келатканын Кулансур сезет. Акжолтой жер чалып чыгып, келаткан көп колду көрөт.

Коёналынын уулу Кайсардын кызы Айканышка бир кемпир келип (ал Манастын карындашы Кардыгач болот) Кенендин жайын айтат. Айканыш Ордодогу ок өтпөс, Он эки силкип кийип, Ок жетпеген Талкызыл күндө аркандап минип, жанына жолдош алып, эгер Кенен укканымдай мыкты баатыр болсо ага тием, болбосо жоолашам деп, аскери менен чыгып, Эбегей, Көгөйдүн колуна туш келет. Согушууга жеткизбей эле, Айканыштын жөнүн уккан Сейтек менен Акжолтой Кулансурду баш кылып алты сан малга кебез байлатып куда түшөт. Айканыштын тилеги орундалып, Кененге нике кыйылат. Келин алып, жол жүрүп келатып мазардын жанына түшүп тамактанышат да, «кабыргадан кагынып, как төбөдөн сезгенип, тарса-турса жөтөлүп» Сейтек менен Акжолтой ооруп, жума күнү көз жумушат. Тулпарлары Кулансур менен Кулунсурду жабдыктап Ак эшенди мингизип Чук мазардын жанына койдуруп, таштан обо көтөрүп, күмбөз салдырат. Атасынын ордуна Кенен баатыр атанып, эл күтөт. Эбегей, Көгөй бир күнү ууга чыгып, эс алып уктап калышса Шай ата келип, Алоокенин тукуму Чыңтемир деген келет, ага туруштук берүүчү — Кенен, ага барып, жоро-жолдош болгула деген кеңешин берет. Кенендин кабарын уккан Эбегей, Көгөй ага да болгон жоону бирге жоолашалы деп издеп келгендиги айтылат. Эбегей, Көгөй баатырлар кошулганы жатканын Кененге Желжетпес аттуу бала сүйүнчүлөйт. Кенен Таластын боюна, Жылгындуу оюна чоң той өткөрүп, эки баатырдын урматына казынасын элине чачтырат. Ошентип, Кенен, Кенен болуп турганда байбичеси Гүлайым Кулансарык, Алымсарык деген эгиз уулдуу болот. «Санкара тойго союлуп, Уруудан калбай эл келип» чоң той өтөт. Коңурбайдын небереси Чыңтемир (Китенин баласы) ал кезде кырк уруу кытайды башкарып, Суурулган экөө кан болуп, элин чогултуп, буруттардан алты атабыздын өчүн алалы деп камынат. Кытайлардын Желжетпес аттуу карыясы мен Кененди билем, кыргыздарга тийишпегиле деп айтып, кагуу жеп, Сурадайдын арачасы менен өлүмдөн калат. "Манас" эпосунда каардуу кан катары сүрөттөлгөн Чыңтемир Желжетпести Кененге барып: «Кермекаштай сулуу кызын, Кертулпар атын тартуу берсин», — деп айт дейт. Кытайлардын камынып жатканын Эбегей, Көгөй түшүндө көрөт: «Ала-Тоону кан басып, Астыңкы түзүн чаң басып, Журт чуркурап, эл дүрбөп, Капкара канга батыптыр, Калың мал-баш, дүнүйө Айла таппай жатыптыр, Кертулпар менен Кермекаш олжого кетиптир». Эбегей, Көгөй чочулашып, Алымсарык менен Кулансарык чакыртып түштөрүн айтышса, буюрганын көрөрбүз деп, эки эрен кенебейт. Эртеси Алымсарык, Кулансарык жол чалып чыкса, Желжетпес баштаган он эки эр элчиге келаткан болот. Алар Эбегей, Көгөйгө жолугуп, Чыңтемирден качып чыгып биротоло кыргыздарга келгендигин билдиришип, Чыңтемир кыргыздарга кол салганы турганын айтышат. Кененге абар жиберишет. Эбегей, Көгөйлөр кытай менен урушпай эле бер дегенин берүүнү сунуш кылат. Желжетпес каршы чыгат. Чыңтемир кыргыздарга кол салат. Жекеме-жеке беттешүүлөр болот. Кара калмак тукумунан Оду кан дөөгө каршы Көгөй, Эбегей чыгат. Оду канды Кенен сайып өлтүрөт. Ага болушуп жекеге чыккан Чоюн алп Желжетпестин колунан өлөт. Эбегейди Чоңкөр деген мерген атып жиберет. Катуу согуш болот. Чоңкөр Кенендин Кертулпарын атып өлтүрүп, өзүн байлап аларда Кенен кылыч менен анын башын алат. Чоңкөрдүн өлүмүн көргөн Чыңтемир каарданат. Кененге каршы колун айдайт. Кенен жалгыз ортодо калат. Чыңтемирдин атын кылыч менен чаап жыгат. Бирок колго түшүп, Чыңтемир Кененди алык-салык, түмөн кун бер десе болбой койгондо башын алат. «Беренин союп жок кылдык, Бет алаары кайсы» — деп, кытай кыргыздарга ого бетер күчтөп кол салат. Коңурбайдын тукуму Чыңтемир кыргыздарды алтай, каңгай, тереңге айдайт. Кытайдан келген Желжетпес «атагы өчпөй асылдын артынан тукум калса» — деп, Кулансарык, Алымсарыкты ээрчитип, эчен жеринен жарадар болуп кутулуп чыгат. Эгиз балдардын жаштыгына карап, эптеп аман сактап калуу максатында, Желжетпес (Чаңдаяк) балдардын «Канзааданын балдары, Качкын болор жөн барбы» деп каршы болушканына карабай алып качып бир өзөнгө келишет. Ал жер өтө ажайып кооз сүрөттөлөт. Масин деген дарыянын боюнда үч күн туруп калышат. Таш казанды астырып, Жалпак өркөч кызыл нарды ата-бабанын арбагына багыштап бата кылганда, кутпа жактан аласкардай ат минген, жоокер кийимчен бир адам пайда болот. Көрсө, эгиз балдарды колдогону (Желпиништен) келген олуя ата Машайык экен. Желжетпес ага болгон ишти баяндап берет. Олуя ата дуба менен сал жасап, аларды Масин дарыясынан өткөрүп Эки-Аралга жеткирет. «Короо күтүп мал айдап, Оокат кылып дан чайнап» убактылуу ошо жерде туруп калышат (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 960-ИНВ.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4