Мазмунга өтүү

Кенесары Касымов

Википедия дан
Кенесары Касым уулу
каз. Кенесары Қасымұлы
Портрет
Туулган датасы:

1802 жыл(1802)

Туулган жери:

Бурабай тоо, Акмоло облусу

Өлгөн датасы:

1847 жыл(1847)

Өлгөн жери:

Кеклик-Сенгир дөбөсү

Атасы:

Касым султан

Балдары:

Жапар, Тайшык, Ахмет, Омар, Осман, Абубакир, Сыздык (Садык), Сыгай (Жегей)

Кенесары Касым уулу (каз. Кенесары Қасымұлы; 1802 — 1847) — казактын Орто Жүзүнөн чыккан султан, Чыңгыз Кандын жана Аблай хандын тукуму, 1841-жылдан баштап Орусия императору Николай I тааныбаган казактардын бардык Үч жүзүнүн ханы. 1837–1847-жылдары казактардын Орусиядан улут-азаттык кыймылынын башында болгон.

Алгач Кенесары Орто жүздө чоң атасы Аблай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү жана өзүнүн чексиз жеке бийлигин орнотууну эңсеген. Ошондой эле ал Казакстанда Орусия империясынын таасиринин таралышына, үстөмдүгүнүн орношуна тоскоол болууну көздөп, чечкиндүү түрдө падыша аскерлеринин жолун торогон.

Хан Кененин дээрлик 10 жылга созулган кыймылы (1837–1847) кийинчерээк зордук-зомбулук, талап-тоноо, кан төгүү менен коштолгон.

40-жылдардын орто ченинде абалы начарлап, аскери азайган хан Кене Борбордук Казакстанды калтырып, Сары-Аркадан Улуу Жүз казагынын мекендеген Жети-Сууга конуш которот. Ал Улуу жүз казагы менен алатоолук кыргыздарды багындырууну жана аларга таянып, падыша аскерлерине, Кокон хандыгына каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кыйла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кыймылдан алыстоого түрткөн.

1846-жылы Кенесары кыргыздарга бүлгүн салганда, Орто жүздүн Аягуз, Каркаралы, Көкбекди аймактарынын айрым султандары хандан четтеп кетишкен.

1846-жылы Улуу жүз казак султандары менен бийлеринин көбү Орусия тарапка оогон. Бирок абалынын начарлагандыгына карабастан, Кенесары 1847-жылы кыргыз жерине кол салып чапкын баштоого камынат. Орус аскерине каршы кармашта алдан тайып, түштүктү көздөй сүрүлгөн хан Кене кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн. Кыргызстан жоого каршы күрөштү улантуу үчүн эң оңтойлуу оорукка айланмак. Бул айыгышкан 107 салгылашууда хан Кенесарынын кошууну жеңилүүгө учурап, Кенесарынын өзүн кыргыздар туткунга түшүргөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]