Керей титан кени

Википедия дан

Керей титан кениЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Жалал-Абад шаарынан 70–80 км түндүк-батыш тарапта, Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк капталында.

1949-ж. геол. изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагын силур менен девондун чөкмө жана аны жиреп чыккан ультра негиздүү интрузия тектери түзөт. Руда габбро-диабаз штогунда жайгашкан. Ал майда чачыранды сепкил түрүндө кездешкен ильменит минералынан турат. Андан башка кошунду катары марганец, ванадий, жездин минералдары бар. Кендеги титандын кондициялык өлчөмү 3,44%ке чейин.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]