Кеңкол көрүстөнү

Википедия дан

Кеңкол көрүстөнү – 1–5-кылымдарга таандык мүрзө эстелик. Талас суусунун оң тарабы, Кеңколдун сол жээгиндеги Манас күмбөзүнүн түштүк-чыгышындагы тоо этегинде орун алган. 100гө жакын мүрзө жайгашкан. Мүрзө дөбөлөрү топурактан, айрымдары таш тизмектери менен курчалган. Алардын диаметрлери 10–20 м, бийиктиги 0,30–1,90 м. Маркумдун сөөгүн атайын жасалган казанактуу жайга коюшкан. Астыларына кийиз, тактай төшөлүп, кээде арча табыттарга салышкан. Айрым мүрзөлөрдө эки адам көмүлгөн учурлар да кездешет.

Күңдөрүн жана кулдарын көрдүн оозуна коюшкан. Маркумдардын расалык келбети бир аз моңгол аралашмасы бар европалык тип болгон. Бала чагынан баш сөөктөрүн жасалма жол менен төбөсүн карай узартуу салты болгондуктан, көмүлгөн адамдардын баш сөөктөрү сөлпү формада болгон. Көрлөрдөн карапа идиштер, жыгач чөйчөк, табактар, темирден, сөөктөн жасалган жебе учтары, жаа бастырмалары, асыл таш чөгөрүлгөн алтын, күмүштөн жасалган кооздук буюмдар, ийик жана бешик табылган. А. Н. Бернштам Кеңкол көрүстөнүн материалдык маданиятын жана ырым-жырымдарын Борбордук Азиядан келген хунндар менен байланыштырат. Археологдор А. Н. Бернштам жана А. К. Абетеков тарабынан изилденген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.