Киев орус мамлекети

Википедия дан

Киев орус мамлекети, Байыркы орус мамлекети – Чыгыш Европада жайгашкан орто кылымдагы феодалдык мамлекет (9–12-кылымдар). Киев орус мамлекетинин түзүлүшүнө негизинен чыгыш славян уруулары жана Скандинавиядан Чыгыш Европага келген варягдардын таасири тийип, түштүгүнөн Тамань жарым аралы, батышынан Днестр жана Висла дарыялары, түндүгүнөн Двинанын жогорку агымы жана чектешкен. 18-кылымдын 2-чейрегинде Г. 3. Байер, Г. Ф. Миллер ж. б. иштеп чыккан «норман теориясы» боюнча байыркы орус мамлекетинин түзүлүшүнө варягдар (норманндар) негизги роль ойногон. Ал эми Нестор жазган «Убактылуу жылдардын повести» боюнча варягдар алгачкы мезгилде славян (словен, кривич) жана финн (чуд, меря, весь) урууларынан салык гана чогултуп турган. Кийин бул уруулар көтөрүлүш чыгарып, салык төлөөдөн кутулган, бирок ички бытырандылыктын натыйжасында князь катары варяг Рюрик жана анын жакын туугандарын чакырууга аргасыз болгон. Аскольд менен Дир башында турган Рюриктин жарым кошууну түштүктү көздөй жылып, Киевге отурукташса, Рюрик Новгороддо калган. Түштүктөгү варягдар ылдамыраак, ал эми түндүктөгү скандинавия уруулары жайыраак ассимиляциялашууга дуушар болгон. Рюрик өлгөндөн кийин анын тууганы Олег 882-ж. Киевди алып, Новгороддун түндүгү жана Киевдин түштүгүн бириктирген жана Эски Ладога, Гнёздова ж. б. жерлерди кошуп, борбору Киев шаары болгон Байыркы орус мамлекетин түзгөн. 988–89-жылдары Киев орус мамлекетинин улуу князы Владимир I Святославич христиан динин мамлекеттик динге айландырган. Киев, Новгород, Чернигов, Смоленск, Ладога, Белоозёр, Ростов, Суздаль, Псков, Полоцк ж. б. шаарларда кол өнөрчүлүк, дыйканчылык, мал чарбачылык, соода, агартуу иштери өнүгүп, Ярослав Мудрыйдын (1019–54) тушунда Киев орус мамлекети өнүгүүнүн жогорку баскычына жеткен. Бул мезгилде дин кызматкерлери маанилүү орунду ээлеп, чиркөөнү Константинополдун патриархы дайындоочу митрополит башкарган жана коомдук мамилелер «Русская правда» ж. б. укуктук актылар жана көзөмөлдөнүп турган. Түштүк жана батыш славяндар, Византия, Батыш Европа, Поволжье (Волга-Камалык Болгария), Кавказ, Орто Азия элдери жана байланыш түзүлгөн. 11-кылымдын аягында кыпчактардын кол салуусунан жана орус княздарынын ич ара талаш-тартыштарынан мамлекет начарлаган. 12-кылымдын башында Киев орус мамлекетинде феодалдык бытырандылык башталган. Мамлекеттин биримдүүлүгүн сактап калууга 1113–25-жылдары башкарган князь Владимир II Мономах жана анын уулу Мстислав (1125–32) аракет кылган, бирок 12-кылымдын 2-жарымында бытырандылык күчөп, Владимир-Суздаль княздыгы, Улуу Новгород жана Псков өз алдынча бөлүнүп, мамлекет кулаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]