Кикужиро

Википедия дан

"Кикужиро" (англ. Kikujiro, орус. Кикудзиро) (Kikujirō no Natsu (菊 次郎 の 夏?, сөзмө-сөз "Кикужиронун жайы"))- 1999-жылы Такеши Китано тартып, сценарийин жазып жана өзү тартылган жапон тасмасы. Тасманын музыкасын Жо Хисаиши жазган. 1999-жылы тасма "Канн Кинофестивалында" көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал тамил тилинде "Нандалала" деген аталышта кайрадан тартылган.

Тасма жайкы каникул убагында апасын издеген жаш баланын окуясын чагылдырат. Тасма негизинен бала жайкы каникулун жазган күндөлүктүн киришүүлөрү сыяктуу бир нече бөлүмдөн турат. Китанонун атасы Кикужиро Китано ага каарманды (тасманы эмес) тартууга эргүү берген. Ал үй бүлөөсүн багууда жана ижара акысын төлөөдө кыйынчылыктарга туш болгон кумар оюнчусу болгон.

"Алып жатасыңбы?"жана "Деңиздеги көрсөтүү" аттуу мурунку тасмаларына окшошуп, якуза "Кикужиродо" үстүртөн гана көрсөтүлүп, негизинен анын белгилүү тасмалары "Сонатина" жана "Хана би"де басым жасалган. Бүткүл үйбүлөөгө багытталган тасма, жолдогу саякатка негизделген "Оздун сыйкырчылары" аттуу тасмадан эргүү алган. Китанонун эң башкы элементтери жана жерлери: сүрөттөр, виньетка, дэңиз жээги жана периштелер. Тасма негизинен кайгылуу мазмунга ээ болсо да, Китанонун каарманы аркылуу жана анын күтүүсүз жолугушуулары тасмада жүрөк жылытарлык атмосфераны тартуулайт.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]