Киноварь

Википедия дан
Киноварь (же Доломит).

Киноварь — сульфиддер классына кирүүчү минерал. Химиялык формасы HgS. Тригон системасында кристаллданат. Өңү-түсү кызыл, ачык кызыл, кээде күңүрт тартып, көгүш боз болуп кубулжуйт. Алмаздай күчтүү жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2—2,5, салыштырма салмагы 8. Төмөнкү температурадагы гидротерм кендеринде кварц, кальцит, барит, антимонит, пирит, марказит ж. б. минералдар менен бирге пайда болот. Киноварь — сымаптын кен ташы. Кызыл боёк даярдалат (байыркы Египетте сүрөт тартуу үчүн колдонгон. Байыркы заманда кытайлар бычак менен кырып алышып, жаратка сыйпашкан. Ошол себептен кытайдын «кырма кызыл дарысы» деп аталып калган).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]