Клавир

Википедия дан
Клавир (1).

Клавир (нем. Кlaviеr)

1) европалык клавишалуу музыкалык аспаптардын (клавикорд, клавесин, фортепьяно, орган жана алардын түрлөрү) жалпы аты;

2) клавираусцуг — музыкалык сахна чыгармаларын (опера, оратория, кантата ж. б.) фортепьяно менен ырдоого которуу. Клавир музыка жаратуунун негизги элементтерин: обонду, гармонияны, ыргакты камтыйт. Бул учурда оркестрдин үндөрү гана которулат. Клавир вокалдык партияларды аткаруучу жана хор жаттоо үчүн репетиция процессинде ж. б. колдонулат. Балет музыкасын скрипкада ойноого которуу менен мурда колдонулуп жүргөн «репетиторду» алмаштырды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]