Клеменц Дмитрий Александрович

Википедия дан
Дмитрий Александрович Клеменц.


Дмитрий Александрович Клеменц (1847-1914), орус этнографы, чыгыш таануучу, революционер, народниктер кыймылынын жигердүү уюштуруучусу жана катышуучусу болгондугу белгилүү. Түштүк Сибирь аймагы жана анда жашаган элдердин этнографиясын, каада-салт, үрп-адатын изилдеген, Сибирдеги музей тштерин уюштурууга зор салым кошкон окумуштуу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Д.А.Клеменц Самара губерниясындагы Горяинове кыштагында айыл кызматкеринин үйүндө туулган.
Оболу, Самара андан соң 1-Казань гимназиясынан билим алган.
Жогорку билимди Казань жана Санкт-Петербург университеттеринен физика-математика факультетинен алган, саясий ишке аралашып жүрүп, окуусун таштоого туура келген. Народниктердин курамына кирген Д.А.Клеменц “чайковчулар” коомуна кирип, жумушчулардын арасында саясий иштерди жүргүзгөн, элге барган (орусча – хождение в народ).
1873-1880 жж. бир катар уюмдарда иштеп, народниктик газета-журналдарда иштеген, камакка алынып, чет өлкөдө бир катар жылдар калган.
1879-ж. Петропавловск чебине камалган народник Д.А.Клеменцти эки жылдан соң Якутияга сүргүнгө айдашат. Жолдо катуу ооруп калган Д.А.Клеменцти Красноярскиге калтырышкан эле.
Алты ай дарылгангандан соң Енисей губерниясынын Минусинск шаарчасында сүргүн жылдарын өткөрүүгө уруксат алган.
Минусинскиде жергиликтүү крайлык музейди негиздөөчү, ботаник жана меценат Н.М.Мартьянов менен таанышып калат.
Ал аймактын жана енисей кыргыздарынын артефактары сакталган музейдин негиздөөчүсү Н.М.Мартьянов Д.А.Клеменцке зор таасирин тийгизген. Ал музейдин экспонаттарын системага салууга, экспедицияларды уюштурууга катышат.
Ал энесай кыргыздарынын урпактары болгон хакастардын этнографиялык топторунун арасында изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
1883-ж. Д.А.Клеменц Том жана Абакан дарыяларынын жогорку агымдарындагы Чыгыш Алтай жана Батыш Саяндардын чектешкен жерлерине сейин изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Ал кийнки жылдарда Абакан жана Мрассуга, Телес көлүнө, Батыш Саяндарга жана Алтайга экспедицияларды уюштурган. Анын негизинде «Древности Минусинского музея. Памятники металлических эпох» (Томск, 1886)» аттуу эмгекти жарыкка чыгарат.
Москва географиялык коомунун мүчөсү болуп калат. Д.А.Клеменц Сибирде 15 жыл калат да, аймактын калкынын антропология жана этнографиясын изилдейт, Монголиянын аймактарында да илимий сапар менен болот.
Д.А.Клеменц Тувадагы Тере-Хөл көлүндөгү байыркы кыргыздарга (айрым изилдөөчүлөр уйгурларга таандык деп айтышат) таандык Пор-Бажын чебин ачкан. Анын географиялык ачылыштары ИРГОнун сандарына жарыяланып турган.
Д.А.Клеменц Минусинск, Ачинск, Красноярск, Томск, Кяхта, Якутскидеги музейлердин ачылышына катышып, жардамын берген.
1898-жылы Д.Клеменц өзүнүн жубайы, кесиби боюнча ботаник Е.Н.Клеменц менен чогуу Чыгыш Теңир-Тоону кезген; ал андан ары Кара-Кожо, Астана, Йар-Хото аймактарын кыдырып, Улуу Жибек жолунун түндүк бутагына кирген аймакта алгачкы археологиялык казуу жүргүзгөн.
Клеменц эски уйгур, кытай, санскрит жазмаларындагы баалуу жазма эстеликтерди, сүрөт келкилерин жана руна сымал жазма тексти чийилген буюмдарды таап, илим чөйрөсү үчүн сактап калган. Анын саякатын Орусия Илимдер академиясы каржылаган. (Мындан он жылдан кийин саякатчы Козлов айтылуу тангут жазма эстеликтер топтомун ушул жактан тапкан).

1902-ж. Санк-Петербургга келген окумуштуу Академиялык этнографиялык Музейдин сактоочусу кызматына орношот.
Д.А.Клеменцти замандаштары жана жолдоштору өтө жогорку эрудициялуу, билимдүү, кең пейил, жолдошторуна жана адамдарга өз жардамын аябаган атуул, окумуштуу жана инсан катары эскеришкен.
Чыгыш таануучу жана этнограф Д.А.Клеменц 1914-ж. Москва шаарында дүйнөдөн кайткан.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Из поездки в Качинскую степь // Восточное обозрение. — 1886. — № 47.
  • Местные музеи и их значение в провинциальной жизни // Сибирский сборник. Выпуск 2. — Иркутск, 1892.
  • Краткий предварительный отчет об экспедиции в систему Абакана, выполненной по поручению г. Адрианова в 1883 г. из материала, собранного Д. А. Клеменцом при экспедиции в верхний Абакан в 1883 — 1884 гг. // Записки Западно–Сибирского отдела Русског географического общества. — 1891. — Т. 2.
  • Путь из Минусинска на Бирюсу // Известия Восточно-Сибибирского отдела Русског географического общества — 1890. — Т. 21, № 1.
  • В 1905 году в «Русском богатстве» (№№ 7 и 9) Клеменц поместил статьи «Заметки о жёлтой опасности» и «Г. Н. Потанин».
  • Гольдфарб С. Д. А. Клеменц — член ВСОРГО // Сибирь. - 1977. -№ 7.
  • Д. А. Клеменц как археолог // Советская археология. — 1963. — № 4.
  • Якушин Н. Неутомимый исследователь Сибири // Сиб. огни. — 1975. № 4.
  • Klementz D. A. Turfan und seine alterhümer // Nachrichten über die von der Kaizerlichen Akademie der Wissenschaften zu St. Petersburg im Jahre 1898 ausgerüstete Expedition nach Turfan. Hf. 1. SPb., 1899.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015