Кожакметов Жакүл

Википедия дан

Кожакметов Жакүл (24.8.1921, мурдагы Чүй областтык, Кызыл-Аскер району, Орто-Алыш кыштагы — 30.7.1975, Фрунзе) — сүрөтчү, живописчи. Ленинграддагы И. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура интун бүткөн (1953). Фрунзедеги сүрөт окуу жайында окутуучу (1953-59, 1962-67), жана анын директору (1959–62). Кыргыз ССР сүрөт фондунун башкы сүрөтчүсү (1970-75) болуп иштеген. Чыгармачылыгын 1950-жылдары республикалык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышуу менен баштаган. Кожакметов негизинен тематикалык сүрөт жаатында иштеп, тарыхый окуяларды да чагылдырган: «Фрунзенин отрядына карай» (1958), «Акыркылар» (1957), жана башка Учурдагы турмуштан алынган «Жумуштан кайтуу» (1952), «Балерина» (1957), «Чек арачылар» (1975) жана башкалар Кожакметов чебер портретчи (Г. Айтиевдин, С. Каралаевдин портреттери, 1955; «Акындар», Г. Айтиев менен бирге тарткан коллективдүү портрет, 1957) болгон. Кожакметовдун сүрөттөрү Кыргыз көркөм сүрөт музейинде сакталуу. Медалдар менен сыйланган. Анын сүрөттөрү Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин экспозициясынан орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]