Кой беде

Википедия дан

Кой беде (Т. repens) — уй беденин бир түрү. Көп жылдык өсүмдүк. Жайыт менен шалбаага аралаш эгилет.
Биринчи жолу 16 кылымда Голландияда, кийин Англия ж.б. өлкөлөрдө өстүрүлгөн.
Сабагы жага бутагы кыска (10—30 см). Төмөнкү муунагынан тамырлап, жерге жыш төшөлөт. Тоголок көпшөк 30—80 майда гүл ачат. Өзөк тамыры тармактуу келет.
Кой беденин жапайы түрү Европадагы баардык өлкөлөрдө кездешет. Ошондой эле Россияда, Кавказ жана Борбордук Азиядагы өлкөрүндө да кездешет.
Кой беде — сиңимдүү тоют. Химиялык составында (% менен) 74,2 суу, 5,1 протеин, 0,8 клетчатка, 0,6 май, 9,2 азотсуз зат жана 2,9 күл бар. Кой беденин 100 кг массасында 14,7 тоют бирдиги, 3 кг сиңимдүү протеин болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз совет энциклопедиясы, 3 том. Башкы редактору Б.Ө.Орузбаева. Фрунзе—1978.