Колдонуучу:Enjoy to/Ички Теңир-Тоо кыргыздарын каратуу

Википедия дан

Ички-Теңир-Тоо аймагына падыша аскерлеринин жортуулдары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк Кыргызстан аймагынын Россия империясынын курамына кириши жана анын ичинен Ички Теңир-Тоо аймагынын каратылышы жөнүндө баяндай турган болсок мына ошол мезгилде Ички Теңир-Тоого Нарын, Ат-Башы,Ак-Талаа, Тогуз-Торо аймактары кирип, өрөөндө саяк,черик,сарыбагыш,бугу-тынымсейит, моңолдор, басыз уруулары жашап турган.Орус бийлиги Кытай менен чектеш Теңир-Тоо аймагын да каратып алууну көздөгөн. Проценко кол башчылыгында "Кашкар отряды" аталышындагы чалгындоочу топ жиберилген. Кокон хандыгы Теңир-Тоого өз бийлигин толук орното алган эмес, убактылуу гана болгон.30-40-жылдары аркалык кыргыздардын бийликке каршылыгы күчөп өз алдынча хандык түзүугө арекеттенишкен.Орус бийлиги Кашкар, Чыгыш Түркстан менен түздөн-түз соода байланыштарын түзүү максатында Теңир-Тоо аймагын каратууну максат кылышкан. Алгач 1863-жылы 3-майда орус кошууну Жумгалды ээлеп, Куртка чебине аттанышат.

Эки-Чаттагы буктурма.Үмөтаалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курткада эс алган соң,орус кошуунун бир бөлүгү Нарынга аттанып, бир бөлүгү Куртка чебинде калганда Үмөтаалы Ормонхан уулу, Осмон датка Тайлак уулу Эки-Чат деген жерде аларга кол салышат. натыйжада орус-казак аскерлери жардамгга келип, кутулууга жардамчы болгон. Жумгал, Куртка,Тогуз-Торо чептери басып алынган. Кокон хандыгынын, цинь-манчжур үстөмдүгү черик уруусунун Орусия курамына кирүүсүно бирден бир себеп боло алган. 1863-жылы ак падышаша баш ийе тургандыктары тууралуу ант беришкен.

Ички Теңир-Тоону толук каартуунун аякташы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1864-1865-жылдары Кочкор, Жумгал, Кетмен-Төбө аймагындагы уруулары орусия курамына кирген.1867-жылы Полтарацкийге Ак-Сай, Чатыр-Көл аймакатары да багынып берүүгө мажбур болушкан. Эки-Чаттагы өлгөн аскерлер үчүн орус бийлиги Умөтаалыдан кун төлөп берүүсүн доолаган эле. Жыйынтыгында Умөтаалы бийликтен чететтилип, кундун жарымын акчалай, жарымын жылкы менен төлөп берип,кутулган. Муну менен Түндүк Кыргызыстан бүт аймагы толугу менен Орусияга киргизилди. Аймактарда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн орус чептери тургузулду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т.Н.Өмүрбеков, Т.К.Чоротегин "Кыргызстан тарыхы XIX кылым". Бишкек 2009