Коллаген оорулары

Википедия дан

Коллаген оорулары — туташтырма ткань (коллаген талчалары) жана кан тамырларды жабыркатуучу оорулар тобу. Аларга ревматизм, ревматоартрит, кызыл волчанка, склеродермия, дерматомиозит жана башкалар кирет. Оорунун күчөшү, калтыратма, организмдин көп системаларын (муундар, тери, өпкө, жүрөк, бөйрөк жана нерв системасы) жабыркатуу бардык Коллаген ооруларына мүнөздүү. Оору катуу башталат, кийинчерээк басаңдап, өнөкөткө өтөт, кайталап кармап, акырындап күчөй берет. Ар бир оорунун өтүшүнүн өзүнчө өзгөчөлүктөрү болот. Коллаген ооруларынын пайда болуу себептери ар түрдүү. Суукка урунуу, инфекция жана башкалар ооруну күчөтөт. Анын оордугу ички органдардын жана борбордук нерв системаеынын жабыркашына байланыштуу. Көпчүлүк Коллаген ооруларын дарылоодо кортикостероид гормондору колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]