Колыма дарясы

Википедия дан
Колыма дарясы
Мүнөздөмө
Узундугу 2 600 км
бассейндин аянты 647 000 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 19010100112019000000019
Колыма дарясы.

Колыма дарясыАзиянын түндүк-чыгышындагы дарыя. Магадан облусу менен Якутиянын аймагында. Узундугу 2600 км, алабынын аянты 647 миң км2. Халкан кырка тоосунан башталган Кулу жана Аян-Юрях дарыясынын кошулушунан пайда болот. Жогорку бөлүгүндө босоголорду, сайроондорду пайда кылат, төмөн жагында Колыма ойдуңу (1150 км) аркылуу өтүп, Чыгыш Сибирь деңизиндеги Колыма булуңуна куярда аянты 3250 км2, узундугу 130 кмге жеткен дельтаны түзөт. Негизги куймалары: Детрин, Бахапча, Буюнда, Балыгычан, Сугой, Корколон, Берёзовка, Омолон, Анюй (оң); Сеймчан, Поповка, Ясачная, Ожогина, Седедема (сол). Суусунун деңгээли 14 мге чейин өзгөрөт. Орточо чыгымы 3900 м3/сек, эң көбү 25100 м3/сек (июнь), эң азы 23,5 м3/сек (апрель). Кар (47%), жамгыр (42%) жана булак сууларынан (11%) куралат. Майдын ортосунан октябрга чейин суусу кирет. Сентябрдын аягы – октябрдан майдын 2-жарымы – июнга чейин муз каптайт. Кышында үйөр пайда болот. Бахапчинин чатынан (Усть-Среднекандан туруктуу) кеме жүрөт. Дебиндин чатынан жогорураак Колыма ГЭСи курулган (1984); Усть-Среднекан ГЭСи курулууда (2008). Төмөнкү агымында балык кармалат. Боюнда Среднеколымск шаары жайгашкан; негизги порттору: Усть-Среднекан, Зырянка, чатында – Черский, Зелёный Мыс, Край Лесов. Колыманын алабында алтын кендери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]