Кома (эл)

Википедия дан

Кома (англ. koma) — эл. Алар Алантиканын тоолуу аймагында — Нигериянын чыгыш бөлүгүндө (Адамава штатында) жана Нигерия менен чектешкен Камерундун түндүк аймактарында (Түндүк аймактын Фаро департаменти) жашашат.

Жалпы саны 65,8 миң адам, анын ичинде Нигерияда — 58 миң адам, Камерунда — 7,8 миң адам.

Кома эли бир нече этникалык топтордон турат. Ар бир топ өз диалектинде сүйлөйт. Бул топтордун бардыгын фульбе тарабынан берилген "кома" жалпы аталышы бириктирет.

Кома элинин этникалык аймагы чамба, вере жана дояйо жакын тууган элдеринин отурукташкан аймактарына жанаша жайгашкан.

Тил

Кома тили Нигер-конго макробүлөсүнүн адамава-убанги уясына кирет. Кома тили бир нече диалектилерге же диалекттик топторго бөлүнөт.
Жазуусу латын алфавиттин негизинде.
Эне тилден тышкары хауса тили колдонулат.

Дин

Калктын көпчүлүгү жергиликтүү ишенимдерди карманышат. Ошондой эле христиандар да бар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]