Комор Аралдары

Википедия дан
Комор аралдары.

Комор аралдары, Комор Аралдар Союзу – Инди океанындагы мамлекет. Мозамбик кысыгынын түндүгүндө, Африканын чыгыш жээгине жакын жайгашкан. Аянты 1862 км2. Калкы 627,0 миң (2008). Административдик-аймактык жактан 3 аралга [Нгазижа (Гранд-Комор), Нжуани (Анжуан), Мвали (Мохели)] бөлүнөт. Акча бирдиги – комор франкы.

Комор аралдары – союздук мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы жана аткаруу бийлигин президент аткарат (Комор Аралдар Союзуна караган аралдардын биринен ротациялык негизде 4 жылга шайланат). Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – бир палаталуу парламент (33 депутаттан турат). Көп партиялуу. Башкы партиялары – Автономия аралдар партиясы, Комордун кайра жаралышы үчүн конвенция партиясы.

Калкынын негизин анталоатра (95%; жергиликтүү африкалыктар менен арабдардын, малагасилер менен европалыктардын никелешүүсүнөн пайда болгон) түзөт; ошондой эле арабдар, индейлер, кытайлар, француздар да жашайт. Расмий тили – комор (аралдын диалекти менен), француз жана араб тилдери. Ислам динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 300 киши. Ири шаарлары: Морони (22 миң), Муцамуду (14 миң).

Eulemur fulvus (Лемурлар).

Аралдары тоолуу; Аракеттеги бир нече жанар тоо бар. Эң бийик жери – Картала тоосу (бийиктиги 2360 м). Климаты тропиктик [нымдуу жана ысык (ноябрь–май)] жана пассаттык (кургак, салыштырмалуу салкын). Эң суук айынын орточо температурасы 23–24°С, эң ысык мезгилде –27... –28°С, тоолорунда 14–15°Сге чейин төмөндөйт. Жылдык жаан-чачыны 1100 ммден 3000 ммге чейин (жанар тоо массивинин айдарым беттеринде). Нгазижа аралында туруктуу аккан суусу жок, башка аралдарында кыска жана тез-тез соолуп калуучу агын суулары бар. Кратерлерде көлдөр кездешет (суусу таза). Флора менен фаунасы эндемиктер. Айдарым капталдарында бийик өскөн тропиктик токойлорунда лианалар менен жыгач сымал папоротниктер жана орхидеялар, токойлорунда жылаңач уруктуулардын байыркы өкүлдөрү, тоолордун этегинде жана түздүктөрүндө сейрек токой, саванна, жаш платолорунда чөп жана суу жээктеринде мангр өсүмдүктөрү өсөт. Сүт эмүүчүлөрдүн 20дан ашык (анын ичинде мангуст лемуру, тенрек), канаттуулардын 100гө жакын (анын 40%тейи эндемик; комор ача куйруктуулары, комор ак көзү ж. б.), сойлоп жүрүүчүлөрдүн 20дан ашык түрү (хамелеондор, жашырын көздүүлөр, фельмузалар) жана Нгазижа аралынын жээктеринде жоголуп бараткан латимерия (чеңгел канаттуу балык) кездешет. Мохели деңиз паркы уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]