Коомдук келишим теориясы

Википедия дан

Коомдук келишим теориясы – мамлекет менен укуктун адамдардын ортосунда аң-сезимдүү түзүлгөн келишимдин натыйжасында пайда болгондугу тууралуу теория.

Аталган теорияны жактоочулардын көз карашында мамлекетке чейин ашынган анархия же «бардыгынын бардыгына каршы күрөшү», ошондой эле жеке адамдын чексиз эркиндиги менен тыгыз байланышкан «табигый абал» болгон. Өздүк коопсуздугун камсыз кылуу, менчигин ж. б. жеке укуктарын коргоо үчүн адамдар чексиз эркиндиктен баш тартып, өздөрүнүн табигый укуктары менен эркиндиктеринин көп бөлүгүн мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүү зарылдыгын түшүнүшкөн. Мамлекеттин келишимдик жол менен пайда болгондугу тууралуу алгачкы түшүнүктөр байыркы мезгилдерде эле пайда болгон.

Коомдук келишим теориясы тууралуу ар тараптан иштелип чыккан окуулар 17–18-кылымдарда буржуазиянын феодализмге жана абсолюттук монархияга каршы чыгууларга байланыштуу пайда болгон (Гоббс, Гассенди, Спиноза, Локк, Руссо ж. б.). Коомдук келишим окуусу коомдук келишим шарттарын бузган феодалдарга каршы буржуазиянын күрөшүнө идеологиялык негиз болуп калган.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8