Котур-Төбө уран кени

Википедия дан

Котур-Төбө уран кени - Баткен районунунда, Кыштут айлынан 12 км аралыкта.

Кен сиенит интрузиясы м-н мраморлошкон акиташ тегинин контактында жайгашкан. Уран-торий минералдашуусу титанаттардан туруп, сиениттеги майда жаракалардагы ичке тарамчалар түрүндө жатат. Жаракаларга танапташ жаткан (калыңдыгы бир метрге чейин), өзгөрүүгө дуушарланган тоо тектерде уранторий минералдарынан тышкары галенит, пирит, лимонит, барит ж-а флюорит бар. Хим. анализ б-ча рудалуу тарамчалардагы урандын орт. өлчөмү 0,25%, торийдики–0,252%. Кен жер үстүнөн гана чалгындалып, уран м-н торийдин чакан запасы аныкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2