Мазмунга өтүү

Дилноза Кубаева

Википедия дан
Кубаева Дилноза‎»‎ барагынан багытталды)
Дилноза Кубаева
өзб. Dilnoza Kubayeva
Төрөлгөндөгү ысымы:

Кубаева Дилноза Окилбековна

Туулган датасы:

22 -ноябрь 1986(1986-11-22) (38 жаш)

Туулган жери:

Ташкент, Өзбек ССРи, СССР, (Өзбекстан)

Жарандыгы:

 Өзбекстан

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

2004 — азыркы учурда

Багыты:

Мелодрама, Комедия, Драма

Сыйлыктары:

M&TVA 2007, 2008
Үй-бүлөсү
  • Күйөөсү:
  • Уулу: Мухаммадамин
IMDb:

ID 4860465

Дилноза Кубаева (өзб. Dilnoza Kubayeva) — Өзбекстандык актриса жана ырчы. Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти[1].

Заманбап өзбек тасмаларында роль жаратып атактуу болгон[2], алардын ичинде "Келгинди келин", "Наристем", "Көргүм келеди" тасмаларында ойногон ролдору менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. 2008-жылдан 2010-жылга чейин үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам актрисалык кесипти токтоткон, бирок 2011-жылы киного кайтып келген.

Дилноза Кубаева 1986-жылы 22-ноябрда Ташкент шаарында абройлуу үй-бүлөдө төрөлгөн. 1993-1996-жылдары Ташкент шаарынын Яшнобод районундагы 255-орто мектепте, 1996-2000-жылдары Сыргали районундагы 3-орто мектепте, 2000-2003-жылдары Алишер Навои атындагы республикалык «Көркөм өнөр» лицейинде билим алган. 2003-2007-жылдары Маннон Уйгур атындагы Ташкент мамлекеттик искусство институтунун (драма театр жана кино актёру бөлүмү) студенти. Бакалавр даражасы ыйгарылган. 2007-жылдан бери Өзбек улуттук академиялык драма театрында актриса болуп эмгектенип келет. 2010-жылы “Өзбекстан белгиси” төш белгисин алган, “Эң улуу, эң кымбат” республикалык кароо-сынагында 2-орун, 2012-жылы “Даңк” медалы жана 2021-жылы “Өзбекстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы” сыйлыктары менен сыйланган.

Жолдошу 2009-жылы каза болгон. Ахмадалиев Мухаммадамин 2009-жылы 28-мартта Ташкент шаарында туулган. Дильноза Кубаева мамлекеттик абройлуу иш-чараларга, маданий-агартуу кечелерине жана белгилүү ырчылардын концерттик программаларына активдүү катышып келет.

Театрдагы дебюттук ролу 2004-жылы сахнага чыккан "Андишали Келинчек" (өзб. Andishali kelinchak) спектакли, ал эми кинодогу дебюттук ролу 2005-жылы чоң экрандардан көрсөтүлгөн "Тагдыр тамашасы" (өзб. Taqdir charxpalagi) тасмасы болгон.

Тасмаграфиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Фильмдер
Жылы Нукура аталышы Кыргызча аталышы Каармандык ролу
2005 Taqdir charxpalagi Тагдыр айлампасы Лайло
Kelgindi kuyov Келгинди күйөө Райхон
2006 Kelgindi kelin Келгинди келин Чароз
2007 Advokatlar Адвокаттар Ойдын
Zumrad va Qimmat Зумрад жана Кымбат Киммат
Jazo Жаза Зилола
2008 Sehrli uzuk Сыйкырдуу шакек Фарангиз (озвучка)
Telba Тентимиш Робия
Kichkina odamlar Кичинекей адамдар Зарифа
Afyun girdobi Апийим туңгуюгу
2010 Hijron Айрылуу Махфуза
O’g’rigina kelin Ууру келин Саёра
Yuzma-yuz Бетме бет Феруза
Kechikkan hayot Кечиккен жашоо Шаходат
2011 Er bermoq — jon bermoq Эр берүү — жан берүү Дурдона
Kelganda kelin-2: Anjancha muhabbat Келгинди келин-2: Андижанча махабат Гөё
Farzandim Наристем[3] Насиба
2012 Baxt uyi Бакыт үйү Малика
2013 Farzandim 2 Наристем 2 Насиба
Sensiz Сенсиз Малика
2014 Ko’rgim keladi Көргүм келет Зиёда
2015 Baron Барон Иззаттин аялы
2016 Baron 2 Барон 2 Иззаттин аялы
Er bermoq — jon bermoq 2 Эр берүү — жан берүү 2 Дурдона
Isnod Доомат (Каралоо) Жамила
"Aldangan farishtalar" "Алданган периштелер" Журналист кыз
2018 "Vasiyat" "Абал" Фатима
"Merosxoʻr" "Мураскер" Эне
2019 "Said bilan Saida" "Саид менен Саида" Майор аял
"Yolgʻiz boʻri" "Жалгыз бөрү" Замира
2020 "Oʻzbekcha ajrashish" "Өзбекче ажырашуу" Башчы аял
Сериалдар
Жылы Нукура аталышы Кыргызча аталышы Каармандык ролу
2005 Qadah Кадах Мохинур
2008 Kaminaning oilasi Каминанын үй-бүлөсү Бахора
2008 Muhabbatim-qismatim Махабатым-тагдырым Малика
2010 Mehribonginam Мээримдүүм Табассум
Спектакль
Жылы Нукура аталышы Кыргызча аталышы Каармандык ролу
2005 Andishali kelinchak Тынчы жок келин Олмахон
2006 Omonat dunyo Аманат дүйнө Кыз
Bir qanotlilar Бир канаттуулар
Bevalar "Жесирлер" Дилдора
2010 Sizsiz oʻtmas kunlarim Сизсиз өтпөс күндөрүм Ирода
Rustam Рустам Умири
Ogoh boʻling, odamlar Абайлаңыз, адамдар Мавжуда
2011 Omon boʻlgin azizim Аман болгун азизим Мейман
Oʻtkan kunlar Өткөн күндөр': Күмүш
Uyqusiz kecha Уйкусуз түн Шойра
2013 Senga bir gap aytaman Сага бир сөз айтамын Журналист кыз
2015 Imon Ыйман': Озода
Quyoshni sen uygʻotasan Күндү сен ойготосуң Шабнам
2016 Alisher Navoiy Алишер Навои Гули
2016 Mirza Ulugʻbek Мырза Улугбек Феруза

Дилноза Кубаеванын күйөөсү автокырсыкка учурап, бир канча ай ооруканада жатып, айыга албай көз жумган. Бир уулу бар. Аты Мухаммед-Амин. Турмушка чыгуу жөнүндө суроолорго жооп бербей келет.

  1. Ўзбекистон Республикаси мустақиллигининг ўттиз икки йиллиги муносабати билан фан, таълим, соғлиқни сақлаш, адабиёт, маданият, санъат соҳалари ва оммавий ахборот воситалари ходимларидан бир гуруҳини мукофотлаш тўғрисида.
  2. Dilnoza Kubayeva  (орусча). Uzbek-Kino. Текшерилген күнү 8-iyun, 2012. Түп булактан архивделген күнү 13 -январь (үчтүн айы) 2013.
  3. (өзб. Farzandim, кырг. Перзентим) - Адабий колдонуудагы эң башкы нускасы Наристем