Кузнецк ойдуңу

Википедия дан
Кузнецк көмүр бассейни.

Кузнецк ойдуңу - Батыш Сибирдин түштүгүндө; түндүк-чыгышынан Кузнецк Ала-Тоосу, түштүк-батышынан Салаир токол тоосу, түштүгүнөн Тоолуу Шория менен чектешет. Кемеров облусунун аймагында. Узундугу 400 км, туурасы 120 кмге чейин. Томь, Иня ж. б. суулардын (Обдун куймалары) өрөөндөрү менен тилмеленген күдүрлүү түздүк; деңиз деңгээлинен бийиктиги түндүгүндө 200 мден, түштүгүндө 500 мге чейин; борбордук бөлүгүндө бийиктиги 740 мге жеткен токол тоолор жайгашкан. Дүйүм чөп-ак кылкандуу талаа ландшафты басымдуу (азыр көп бөлүгү айдалган); айрым жерлеринде кызыл карагай-кайың токойлуу талаа кездешет. Чыгышын көк карагай, байтеректүү тайга ээлейт. Ойдуңдун аймагында Кузнецк көмүр бассейни бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]