Кузнецк көмүр бассейни
Кузнецк көмүр бассейни, Кузбасс — Россиядагы жана дүйнөдөгү эң ири көмүр бассейндеринин бири. Кемеров, Новосибирь облусунун аймагында. Аянты 26,7 миң км2, Узундугу 335 кмге чейин, туурасы 110 км. Өндүрүштүк көмүрлүү катмардын чөгүндүлөрүнүн жалпы аянты 20 миң км2ге жакын. Чалгындалган запасы 61,6 млрд тонна. Анын ичинде 39,5 млрд тоннасы өндүрүштүк өздөштүрүүгө ыңгайлуу. Кокс көмүрүнүн запасы 37,6 млрд тонна.
Таш көмүрдүн алгачкы кени 1721-жылы Томь дарыясынынын жээгинде (азыркы Кемеров шаарынын аймагы) ачылган. 1842-жылы геолог П. А. Чихачев 1-жолу аймактын көмүрдүүлүгүн аныктап, «Кузнецк бассейни» деп бөлгөн. Көмүр 19-кылымдын 2-жарымынан ачык жана жер астынан казылып алынууда. Бассейн — геологиялык түзүлүшү боюнча кембрий мезгилинде ийилип, палеозой, мезозой жана кайнозой замандарынын тоо тектери менен толуп калган ойдуң. Көмүр девондун ортосунда пайда болгон чөкмөлөрдө жана карбондун аягынан тартып, юранын кумдук-чополуу чөкмө катмарларынан орун алган. Тоо тек катмарлары бир нече жолу тектоникалык бүктөлүүлөргө учурап, татаалданган. 126 өндүрүштүк катмары бар. Алардын калыңдыгы 1,3—3,5 мден 20—30 мге чейин. Көмүрдүн бардык түрү (күрөңдөн антрацитке чейин) кездешет. Күлдүүлүгү 7—20%тей, нымдуулугу 5—15%, курамында күкүрт 0,4—0,6%, фосфор 0,12%. Күйүү жылуулугу 33,3—36,0 МДж/кг. Карьерден жана жер астынан казып алынат. Бассейнде көмүрдөн башка темир кенташы, чым көң, акиташ теги, отко чыдамдуу чопо, курулуш материалдары, кооз таштардын кендери бар жана айрым бургулоо көзөнөктөрүнөн (скважинасынан) нефть менен газ (метан 13 трлн м3) да чыгат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9