Кулдышева Гулсара Кенжеевна

Википедия дан
Кулдышева Гулсара Кенжеевна
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Кулдышева Гулсара Кенжеевна
Туулган жылы: 1966-жылы 17-сентябрь
Туулган жери: Ош облусу
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: Юриспруденция,
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, юридикалык факультети
Илимий даражасы  :юридика илимдеринин доктору (2011)
Илимий наамы: Профессор

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кулдышева, Гулсара Кенжеевна 1966-жылы 17 сентябрда Ош областынын Кара-Суу районунун Мады айылында туулган. 2009-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Ош мамлекеттик университетинин Юридика факультетинин деканы. Кулдышева Гулсара Кенжеевна 1999-жылы Москва мамлекеттик социалдык университетинин Юридика факультетин "Артыкчылык" диплому менен аяктаган. 2003-жылы Бишкек шаарында "Организационно-правовые проблемы реформы местного самоуправления в Кыргызстане" аталыштагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон, жыйырмадан ашык изденүүчүлөргө жана аспиранттарга илимий жетекчи болуп келет. Кыргызстанда жана башка Казакстан Республикасында, Россия Федерациясында Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу көйгөйлөрүнө байланышкан эл аралык, регионалдык илимий практикалык конференцияларда, семинарларда тегерек столдорго активдүү катышып келет. 2010-жылдын апрель айында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн "Основные приоритеты и направления реализации послания Президента РК Н.А.Назарбаева «Новое десятилетие – новые возможности Казахстана»" деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияда «Правовое регулирование компетенции и полномочий органов местного самоуправления в Кыргызстане» деген темадагы доклады менен чыккан. 70 тен ашуун илимий, илимий-практикалык эмгектердин автору жана 6 монографиясы жарыкка чыккан.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1990-жылдан 1996-жылга чейин Таш-Көмүр жарым өткөргүч материалдары заводунда, 1996-1997- жылдары кафедра лаборанты, окуу процессин көзөмөлдөө жана карап чыгуу кызматынын ага инспектору, окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси кызматында, 1998-2004-жылдары окуу иштери боюнча декандын орун басары, "Мамлекеттик укук жана башкаруу" кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, 2004-2005-жылдары юридикалык факультеттин сырттан окуу бөлүмүндө декандын милдетин аткаруучу кызматында, 2005-2006-жылдары юридикалык факультеттин сырттан окуу бөлүмүнүн деканы, 2006-2007-жылдары "Конституциялык жана административдик укук" кафедрасынын доценти, экономика, илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректор, соттук-прокурордук факультеттин деканы кызматтарында иштеген. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Ош мамлекеттик юридикалык институтунда окуу иштери боюнча проректор, "Административдик жана бажы укугу" кафедрасынын профессору кызматтарында эмгектенген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"ОшМУнун таланттуу деканы" диплому менен 2012-жылы, Билим берүүнүн отличниги 2009-жылы, Ош шаарынын Мэриясынын Ардак Грамотасы менен, Ош областтык администрациясынын Ардак Грамотасы менен, Ош мамлекеттик университетинин Ардак Грамотасы менен жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигинин Билим берүүнүн отличниги Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси

Категориялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан Окумуштуулар Инсан