Кумдуу-Сай эстеликтери
Jump to navigation
Jump to search
Кумдуу-Сай эстеликтери — 6—10-кылымдарга таандык. Соң-Көлдүн чыгыш жээгиндеги Кумдуу-Сай деген жерден табылган. Боз граниттин жалпак бетине монголоид тибиндеги кишинин элеси чегилген. Башы үч мүйүздүү, баш кийим кийгенсип турат. Сайдын тектирлеринде эрте темир дооруна жана орто кылымдарга таандык көрүстөндөр жайгашкан. Археолог Я. А. Шер изилдеген.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9