Купуев Пирмат Купуевич

Википедия дан
Купуев Пирмат Купуевич
Аты-жөнү: Купуев Пирмат Купуевич
Туулган жылы: 1942-жыл
Дүйнөдөн кайткан жылы: 2019-жыл
Туулган жери: Ош облусу, Ноокат району
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: Экономика
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Бизнес жана менеджмент факультети
Илимий даражасы  :Экономика илимдеринин доктору (1989)
Илимий наамы: профессор, академик

Купуев Пирмат Купуевич - Экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-коррепонденти, КРнын Инженердик Академиясынын академиги

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1942-жылы Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Купуев П.К. 1966 - жылдын февраль айынан тартып Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы машина куруу заводтун инженер-технологу, улук инженер-технолог, экспорттук аймактын мастери. 1969 - жылы Киргос университеттин «Экономика, планирование и организация управления народным хозяйством и его отраслям» адистигинин «Экономика промышленности» кафедрасынын күндүзгү аспирантура бөлүмүнө тапшырган. 1972 – жылы ийгиликтүү аяктап, «Планирования народным хозяйством» кафедрасында мугалим болуп иштеп баштаган. 1972 - 1990 жылдары ушул эле кафедрада окутуучу, улук окутуучу, доцент жана кафедра башчысы болуп эмгектенген. 1973 - 1980 – жылдары бир мезгилде Экономика факультетинде декандын орун басары жана декандык милдетти аткарды.1989-1990 – жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университетинин астындагы экономикалык жана юридикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде декан. 1989 - жылы ВАК СССР тарабынан "профессор" наамы берилген. 1990 – жылы жогорку мектеп отличниги наамы менен сыйланган. 1991 - 1993 – жылы Жогорку Ош Технологиялык колледждин ректору болуп эмгектенген. 1993 - жыл Ош областык мамлекеттик администрациянын экономикалык суроолор боюнча башкы кенешчи. 1992 – жыл Кыргыз Республикасынын Инженердик экономикалык илимдер академиясынын академиги, мүчөсү. 1994-жылды февраль айынан 1999 -жылдын май айына чейин НАН КР дин Түштүктөгү бириккен илимдер институтунун директору. 1997-жылы НАН КРдын жалпы жыйынында НАН КРдын корреспондент мүчөсү. 1999ж.-2002 – ж. Ош Мамлекеттик Университетинин укук жана экономика институтунун директору. 2002-2005жж. - ОшМУнун «Бизнес жана менеджмент» факультетинин деканы. 2005-2008 - жж. - ОшМУ экономика бөлүм башчысы, 2008-2009жж. ОшМУнун "Финансы экономикалык" факультетинин деканы, 2009- жылдан бери – ОшМунун "Финансы жана кредит" кафедрасынын профессору. Купуев П.К. квалификациялык специалисттерди даярдоодо, жаш окутуучуларды тарбиялоодо эмгеги зор жана профессордук окутуучулук курамдын арасында жана жаш студенттерге кадыр баркы чоң. Купуев Пирмат Купуевич илимдин жогорулашына жана илим изилдөөчү кадрларга кошкон салымы чон. Купуев П.К. 120- дан ашык илимий иштери, 8 монографиясы жарык көргөн. Ошондой эле 2 экономика илиминин докторлоруна, 12 экономика илиминин кандидаттарына жетекчилик кылды. Азыркы учурда Купуев Пирмат Купуевич доктордук диссертацияларды тапшыруу боюнча диссертациялык кенешменин мүчөсү жана кандидаттык диссертация тапшыруу боюнча диссертациялык кеңешменин төрагасы.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Исследование основных направлений развития предпринимательских структур в Кыргызстане" Журнал Синергия, №1/2016, 31-38 б.
  • "Эффективность материально-технического снабжения" окуу усулдук колдонмо, Фрунзе : Кыргызстан, 1983 - 87 б.
  • "Управление эффективностью производства и движения предметов потребления" окуу усулдук колдонмо, Фрунзе, Кыргызстан 1985 - 136 б.
  • "Рекуррентная модель развития сельскохозяйственного кооператива" Журнал Синергия, №4-2016, 64-71 б.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]