Кур салуу
Кур салуу — 1) толук багынганын билгизип, кулдук уруп айыбы, кылмышы үчүн бирөөлөрдөн кечирим суроо. Кудай жана башкалар жогорку күчтөрдөн кандайдыр бир көмөк, жардам сурап тиленгенде жасалган жөрөлгө. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча Манас эр жетип, катылган кара кытай, калмактардын катыгын берип, жоосу да, досу да көбөйүп турган чакта Алтай жериндеги кыргыз, казак элинин аксакалдары чогулуп, Ала-Тоого кетүү үчүн кеңешкенде: «Мойнуна курун салынып Боздоп турду Бай Жакып Жаратканга жалынып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 218). Ала-Тоого көчүү үчүн ак жол тилейт. Радлов жазып алган вариантта «Семетей» бөлүгүнүн окуясы кырк чоронун чыккынчылыгын баяндоо менен башталат. Аталган эпизоддо Манас баатыр менен жоону бирге жоолашкан, доону бирге доолашкан жоокер чоролор — деп Семетей өтө кадырлаган кырк чоро качканда аларды артынан кууп жетип ызаттаган сезим менен урматтап таазим кылып кайрылуусу жөнүндөгү эпикалык баян айтылат. «Эне болуп үйрөткөн, ата болуп дуулаткан чором, атыңдын оозун бура тур» — деп Семетей Тайбуурулду алдыларына тартат. Кырк чоро болбогондо курун салып, башын тартуу кылат. "Манас" эпосунда Семетей баатырдын акыркы үмүт, ишеним менен «атамдан калган мурапы» деп кырк чорого тулпар атын тартып, мойнуна курун салып, башын тартуу кылып, өтүнүп турган учуру кечирим суроонун эң жогорку чеги жана жеткен жери.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4