Кутман Кадырбеков

Википедия дан
Портал:Футбол
Портал:Футбол
Кутман Кадырбеков
Жалпы маалымат
Лакап аты КутМэн
Төрөлгөн датасы 13 -июнь 1997(1997-06-13) (26 жаш)
Кыргызстан
Жарандыгы  Кыргызстан
Бою 192 см
Салмагы 76 кг
Позициясы дарбазачы
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Кыргызстан Дордой
Номуру 13
Карьерасы
Клубдук карьерасы*
2014 Калып:АрендаКыргызстан Манас
2015 Калып:АрендаКыргызстан Ала-Тоо
2016—2017 Калып:Фарм-клубКыргызстан Дордой-2
2018—а.у. Кыргызстан Дордой
Улуттук курамасы**
2019—а.у. Кыргызстан Кыргызстан 3 (-5)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 17 январь 2019-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 22 январь 2019-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Кутман Кадырбеков (13-июнь 1997) — кыргыз футболчусу, Кыргызстан улуттук курамасынын жана «Дордой» клубунун дарбазачысы.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клубдук карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Дордой» клубунун футбол мектебинин тарбиялануучусу. 2014-жылдан тарта Кыргызстандын жогорку лигасынын «Манас» жана «Ала-Тоо» клубдарында ижара иретинде ойногон. 2017-жылы «Дордой-2» клубунун курамында биринчи лиганын жеңүүчүсү болгон. 2018-жылдын 30-январында АФК Кубогунун алкагында түркмөнстандык «Ахалга» каршы оюнда «Дордойдун» негизги курамында ойноп чыккан. Улуттук чемпионатта болсо — 2018-жылы 9-майда «Илбирске» каршы оюнда. Кыргызстандын чемпиону (2018).

Курамадагы карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын жаш балдар курамасында ойногон. 2018-жылы олимпиадалык кураманын курамында Азия оюндарына катышкан. Бирок Калысбек Акималиевдин дублёру болгондуктан, талаага бир да жолу чыккан эмес.

2019 Азия Кубогунун Кыргызстан улуттук курамасынын курамындагы катышуучусу. Улуттук кураманын курамында алгачкы жолу ушул турнирдин алкагында, 2019-жылы 11-январьда Түштүк Кореяга каршы оюнда чыккан.