Кызыл-Кыя чопо кени

Википедия дан

Кызыл-Кыя чопо кени, Эшме Булак кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кызыл-Кыя шаарынан 23 км түштүкчыгыш тарапта, Караван өрөөнүндө. 1924-ж. табылган. Кен аймагында юра мезгилинде пайда болгон көмүр катмарлары, кумдук, конгломерат, чопо жатат. Карапалык чопо катмарынын калыңдыгы 0,7-9,6 м, узундугу 1,8 кмге жетет. Чопонун өңү саргыч келип, чоюлгуч, жогорку сапаттагы карапа жасоого жарамдуу. Чопонун көлөмдүк салмагы — 0,72 г/см3. Суу сиңиримдүүлүгү 11,42-16,93%. Запасы С1 категориясы боюнча 256 миң т. Кен 1924-жылдан казылып, чоподон Кызыл-Кыя кыш заводу отко чыдамдуу кыш даярдайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]