Мазмунга өтүү

Кызыл жалбырактуу алма

Википедия дан
Кызыл жалбырактуу алма.
Кызыл жалбырактуу алма.

Кызыл жалбырактуу алма (лат. Malus niedzwetzkyana, Dieck) - Жаратылышта бийиктиги 4-7 м ге чейин жеткен дарак. Көп жылдык сабагынын кабыгы кызыл-күрөң, бир жылдыктары – чымкый күрөң-кызыл. Жалбырактары калың, тыгыз, күңүрт-жашыл, узундугу – 7-10 см, кызгылт темгилдүү. Гүлдөрү ачык- кызгылтым, диаметри – 3-5 см. Мөмөсү анча чоң эмес, шар сымал, көгүлтүр кызыл. Жемиши – чымкый кызыл. Уругу күңүрт-күрөң, күрөң-кызыл темгилдүү. Чаткал кырка тоосунда өскөн дарактарынын мөмөсүнүн кабыгы катуу, жыгачтанган сымал.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уругу менен жана тамыр көчөттөрү аркылуу көбөйөт. Марттын үчүнчү декадасында жалбырактары ачылып, апрелдин аягында, майдын башында гүлдөйт, август-сентябрда мөмөлөйт. Вегетациясы октябрдын биринчи декадасында бүтөт. Кышкы суукка чыдамдуу.

Жалпы жана өлкөдө таралышы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Батыш Тянңшанң (Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан), Батыш Кытай (Синдзяң). Машат тоосунан аныкталган (Сырдарыя Каратоо кыркасы). Кыргызстанда – Чаткал, Узун-Акмат жана Фергана (түштүк чыгыш бөлүгү) тоо кыркалары.

Өсүү шарттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаңгак-жемиш токой алкагындагы капчыгайлардын суу боюнда жана тоо этектеринин беттери.

Бирин-серин кездешет.

Чектөөчү факторлор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чарбалык иштердин күчөшү. Жайыттарды ченемсиз пайдалануунун натыйжасында топурак-кыртыштын тапталуусунан өсүмдүк жабыркайт. Мөмөсүн жаныбарлар колдонгондуктан, уругу менен көбөйүүсү жокко эсе. Кыргыз жана Сиверс алмасы менен чогуу өссө, анын гүлдөрү аралаш чаңдашып, нукура уруктуу өсүмдүктөрдүн саны азайууда.

Казакстанда бул алма «Кулджинка» деген ат менен кеңири өстүрүлөт. Ташкент, Алматы, Дүйшөмбү, Москва шаарларынын ботаникалык бактарында жапайы өсүмдүктөр өстүрүлөт. Кыргыз республикасынын УИАнын ботаникалык багынын шартында 22 жылдык өсүмдүк 7 м бийиктикке жеткен.

Уюштурулган коргоо аракеттери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1985 жылы Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Афлатун жана Кара-Суу сууларынын капчыгайында, Ак- Терек-Гава капчыгайында, Кара-Алма суусунун капчыгайында өскөн өсүмдүктөрдү корукка алуу керек. Түр табигый кездешкен жерлерден алынган уругунан генетикалык жактан баалуу көчөттөрдү өстүрүү үчүн питомник уюштуруу зарыл.

VU. Өтө сейрек кездешкен, жоголуп жана саны азайып бара жаткан эндем түр. Селекция үчүн баалуу түр.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]