Кыз узатуу
Кыз узатуу – үйлөнүү тоюнун салттуу көрүнүштөрүнүн бири. Кыз узатуу кыздын айылында эртең менен күн чыккан маалда башталат. Жеңелери кыздын чачын экиге бөлүп өрөт. Даярдалган сөйкө, желбирөөч, бой тумар, шакек, билерик, чач кап, учтук кооздуктарын тагат, шөкүлөсүн кийгизет. Атайын жабдыктары жасалгалуу атка мингизет.
Узаар алдында кыз төркүнү менен коштошуу ырын айткан. Энеси кызынын жакшы сапаттарын кошокко кошкон. Коштошуу салттуу коомдун нормасы болуп эсептелген, анткени, кыз өз ата – энеси, уругу менен биротоло коштошкон. «Чыккан кыз чийден сырткары», «Кыз башка элдин кишиси» деген сөздөрдө кыздын коомдогу статусу даана берилген. Кыз төркүнүнө чанда гана конок болуп келе алган, төркүнүнүн ички иштерине кийлигишүүгө акысыз болгон.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”