Кыргыздардын чабылып-чачылышы ("Манас" эпосунун сюжети)

Википедия дан

Кыргыздардын чабылып-чачылышы ("Манас" эпосунун сюжети) — Ногойдун балдары Орозду, Үсөн, Бай, Жакыпты кытайлар (эпосто кытай, кара кытай, калмак, кара калмак аралаш айтыла берет жана алар көпчүлүк учурда бир этноним катары түшүнүлөт. Бул белги жеке эле Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана эмес, манасчылардын бардыгына мүнөздүү) туш-тушка бөлүп кетет. Өлгөн аталаш агасы Чыйырдын Шакан аттуу катынын алган Жакып манжу калкына айдалып барып, Бөйөндүн уулу Чаян дегендин кызы Бакдөөлөттү токолдукка алат.

Баатырдын тегине удаа берилген кара сөз түрүндөгү бул кыска маалымат кийинки окуяларга байланыштуу, айрыкча калмактар менен алгачкы кармашында жер коруган калмактардан эр өлүп калганына кейиген атасынан тегин сураган Манаска берген Жакыптын жообунда, Бай менен Жакып жолугушкандагы эскерүү сөздөрдө алда канча кеңейтилет: Жакыптын атасы Ногой кан көп жерге бийлиги жетип, жоолорунун мизин кайтарып турат. Ногойдун көзү өткөн соң анын балдары «Эл кадырын биле албай Эндейиңки турганда» (Сагымбай Орозбаков, 1. 117), Эсенкандын элүү жүз миң колу келип кыргын салып, элди чаап, Ногойдун балдарын туш-тушка таратып, бөлүп жиберет. Алтайга айдалып келген Жакып Бөйөн, Чаян дегендерге малай жүрөт, кызматы жаккандыктан Чаян кызы Бакдөөлөттү ага токолдукка берет.

Кыргыздын күчтүү жоодон жеңилип, чабылып-чачылышы Саякбай Каралаевдин вариантында деталдаштырылган кеңири мүнөздөгү окуя түрүндө берилген: атагы алыска кеткен мыкты кан Каракандын көзү өткөндө кытайдын Молто, Алооке аттуу кандары көп кол менен келип кыргыздарды чаап алып, Каракандын балдарын чогуу туруусу кооптуу деп туш-тушка бөлүп жиберишет. Кырк үйлүү туугандары менен Жакып Алтайга айдалат. Сүрүлүп баргандар ар кимдерге жалданып, кен казып, эгин айдап жан багышат. Алтыны алты там болуп, малы эсепсиз көбөйүп Жакып бай болот. Радлов жазып алган вариантта кыргыздардын чабылышы жөнүндөгү маалыматтар берилбесе да бул эпизодду чыгарманын сюжетинде эпостун башкы темасы менен идеясына түздөн-түз тиешеси бар, өзгөчө орчундуу, мурдатан келе жаткан туруктуу деталдардын бири дешке негиз бар. Анткени, «Мажму аттаварихте» эле кыргыз калмак кармашы эскерилет. Айрыкча өткөн кылымда Ч. Валиханов, В. В. Радлов кагаз бетине түшүргөн материалдарда Манас туула электе кыргыздар эпикалык күчтүү душманы кытай-калмактардан жеңилип, кордук көргөндүгү жөнүндөгү кабар-маалыматтар көп кездешет.

Чыгарманын сюжеттик курулушунун талаптарына ылайык кыргыздардын чабылып-чачылыш окуялары баатыр баланын төрөлүшүн даярдоочу атайын белгилердин биринен. Эл башына кыйын күн түшкөндө элин оор абалдан куткара турган баатырдын турмушка келиши түрдүү элдердин оозеки чыгармаларында, айрыкча баатырдык эпостордо кеңири учураган салттык белги. Баатырдын кысталыш учур, кыйын шартта төрөлүшү кыргыздардын «Манастан» башка эпосторунда да кеңири айтылат.

Кыргыздардын күчтүү жоодон жеңилип, Жакыптын Алтайга айдалып барышы эпостун дээрлик бардык варианттарында жолуккан туруктуу салттык окуя. Белгилүү манасчылардын ичинен Багыш Сазановдун варианты боюнча гана бул окуя башкача өнүгөт: Орозду кандын он уулунун улуусу Ормон, кичүүсү — Жакып. Жакып жарды болуп, агасы Байга жалданып иштеп жүрөт. Ал 21 жашка чыкканда Кызырга жолугуп, анын кеңеши боюнча эгин айдап, эгинин сатып эсепсиз байыйт. Аксак боз кемпирдин кызы Чыйырдыга, Айдаркандын кызы Акдөөлөткө үйлөнөт. Эл чогулуп, Жакыпты кан көтөрүшөт. Бул варианттагы кийинки окуялар салттык нукта өтөт, башкача айтканда өзү бай бирок баласыз Жакыптын зары баяндалат.

Эсенкандын Манас аттуу баланы издеткени — баатыр баланын төрөлө тургандыгы жөнүндө алдын ала кабар берүүчү белгилик милдетти аткарган салттык мотивдердин бири. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча буруттан Манас деген баатыр туулуп, ал кийин элиңди чаап алат деген аярларынын эскертүүсүнөн улам Эсенкан Манас аттуу баланы таап келгиле деп көп балбандарын жөнөтөт. Алар эл кыдырып сурамжылап издеп жүрүшүп, Самаркандык Чоң эшендин Жарманас аттуу 17 жаштагы уулун кармап келишет. Жарманасты орго салып, коркунучтуу душманыбыздан кутулдук дешип кытайлар чоң той берип, бейкапар жатып калышат.

Сагымбай Орозбаковдун вариантында жана Радлов жазып алган вариантта мындай окуя жок, Өзүнчө окуя түрүндө башка белгилүү манасчыларда да учурабайт. Бирок, эпизодду жалгыз гана Саякбай Каралаевдин вариантына таандык көрүнүш катары эсептөөгө болбойт, көптөгөн белгилер боюнча бул эпостогу белгилүү жана салттык туруктуу окуя. Анткени, баатыр туула электе эле анын душмандары өзүлөрү үчүн коркунучтуу жоонун турмушка келерин билип, алдын ала сактануунун аракетин көрүү жөө жомоктордо, эпостордо көп жолугуучу, кеңири иштелип чыккан сюжеттерден. Бул мотив кээде болочок баатырды али күч-кубатка толо элек жаш кезинде жоготууга аракеттенүү түрүндө да жолугат. Мындай кеңири белгилүү мотивдин «Манаста» да орун алышы табигый көрүнүш. Окуя деталдаштырылып кеңири берилбегени менен айрым манасчылардын варианттарында эскерилет: ТМВда Жакып Алтайга сүрүлүп келгенге чейинки окуя катары айтылат: Манас төрөлөрдөн элүү жыл мурун эле кытай билгичтери кура ачып, Манас аттуу өзүлөрүнө коркунучтуу бала тууларын билишип, көп кол курап келип, кыргыздарды чаап алышып, элди бүт каатка салып тыңдарын бириндетип бөлүп, алымды катуу алып, бооз катындардын ичин жарып баласын өлтүрүп, элди өзгөчө катуу эзип турушат. Ушул алааматта Жакып 70 үйлүү адамы менен Алтайга айдалат. Эпизод Сагымбай Орозбаковдун вариантында да белгилүү дешке негиз бар. Анткени, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас өзү үчүн жапа чеккен Жарманаска карындашы Карлыгачты алып бериши айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Манастын карындашы Карлыгачтын күйөөсү Жарманас делет. Буга караганда да бул эпизод белгилүү. Жарманас Карадөө уулу делип, ашка чакырылган белгилүү кандардын арасында Радлов жазып алган вариантта эскерилет. Демек, Жарманас эпостогу мурдатан келе жаткан образдардын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4