Кыргызстандагы атмосфералык циркуляция

Википедия дан

Кыргызстандагы атмосфералык циркуляция. Атмосфералык циркуляция климат калыптандыруучу факторлордун негизгилеринин бири болуп эсептелет. Кыргызстандын аймагында тропосферанын 3 км ден 12 км ге чейинки катмарында батыштан чыгышка багытталган мелүүн алкактын аба агымдары басымдуулук кылат. Мелүүн алкактын аба массасын түштүктөгү тропиктик аба массасынан, жыл ичинде бирде түштүккө бирде түндүккө багытталып термелип туруучу, мелүүн кендиктин фронтунун ирандык бутагы бөлүп турат. Кыш мезгилинде мелүүн кендиктин фронту Кыргызстандын аймагынан тышкары түштүктө (30° түн. к.) жайгашат. Кыргызстандын аймагы бул мезгилде Азия антициклонунун батыш бутагынын (Воейковдун огу) түштүк четинде жайгашып, аба ырайында тынч аяздуу ачык күндөр үстөмдүк кылат. Жазында мелүүн кендиктин фронтунун ирандык бутагы акырындап түндүктү карай жыла баштайт жана ал жаан-чачындын жазгы көбөйүшүнө алып келет. Өзгөчө четки кырка тоолордун батыш жана түштүк-батыш капталдарында циклондук процесстердин күчөшүнүн натыйжасында жаан-чачындын саны кескин көбөйөт. Жайдын күнү аталган фронттун жергиликтүү мелүүн температурасы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу өзүнүн күчүн жогото баштайт. Фронттун эки жагындагы аба массаларынын температураларынын айырмалары жоголуп кеткендигине байланыштуу жаан-чачындардын пайда болушу токтолот. Бул мезгилде түздүктөрдө жана четки өрөөндөрдө кургакчыл ачык күндөр өкүм сүрөт. Циклондук процесстер бийик тоолуу райондордо гана аба массаларынын көтөрүлүүсүнүн эсебинен активдүүлүгү артып, жаан-чачындар пайда болот. Жайында мелүүн кеңдиктин фронту Кыргызстандын аймагынан өтүп, Борбордук Казакстандын үстүндө жайгашат. Күзгө тарта ал фронт кайра түштүктү карай жыла баштайт. Кыргызстандын аймагынан кайра өтүп бара жатканда циклондук процесстер кайра күчөп, жаан-чачын көбөйөт. Мелүүн фронттун андан ары түштүккө ооп кетиши Кыргызстандын аймагына кышкы режимдин орношуна шарт түзөт. Эрте жазда жана кеч күздө Кыргызстандын аймагына арктикалык аба массасы тарап, кээде үшүк жүрүшү мүмкүн. Муздак фронттун абасынын катмары жука болгондуктан анча бийик эмес тоолор да анын жолунда чоң тоскоол. Ошого байланыштуу тоолордун далдоосундагы аймактарга муздак аба сейрек учурларда гана өтө алат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...