Кыргызстандагы мунай жана газ

Википедия дан

Кыргызстандагы мунай жана газКыргызстандагы мунай жана газ ресурстары. Алар Кыргызстанга караган Фергана өрөөнүнүн түндүк жагында кездешет. Мунай чыккан негизги жерлер — Чыгыш, Избаскент, Чаңгыр-Таш, Кара-Жыгач, Тогап-Бешкент; мунай менен газ аралаш чыккан жерлер — Майлы-Суу, Избаскент, Түндүк Риштан; жалаң газ чыккан жерлер — Кызыл-Алма, Сузак, Чыйырчык, Сары-Камыш, Сары-Таш; газ конденсат Түндүк Каракчы-Кумдун структураларынан алынат. Алар юра менен бор мезгилдеринин жана палеогендин чөкмөлөрүнүн арасында жайгашкан.

Мунайдын өнөр жайлык маанидеги кендери негизинен палеогендин кумдук жана акиташ тектеринде, газдыкы — бор мезгилинин башталышында жана аягында пайда болгон бүртүкчөлүү кумдукта, кээде кумдуктуу акиташ тектеринде, конгломератта топтолгон. Түндүк Фергананын да кендери антиклинардык бүктөлүүлөрдө жайгашкан. Алардын бардыгы бөлүп алуу запастары боюнча майда кендерге кирет. Запасы боюнча ириси Майлысуу-4, Чыгыш Избаскен кени. Мында юра жана бор мезгилдеринин катмарларында газ, ал эми палеогендикинде — мунай топтолгон.

Мунай жана газ кендеринин көбүнүн өндүрүм коэффициенти төмөн келип, аларда суу көп кездешет. Анын үстүнө казып алынып жаткан кендер иштетүүнүн аяккы стадияларында болгондуктан (коллектордон бөлүп алуунун татаалдыгынан) кийинки жылдарда нефть жана газ өндүрүүнүн көлөмү кыскарууда. Ошол эле учурда, 2001-жылы Майлы-Сууда канадалык фирма менен бирдикте бургулоо иштерин жүргүзүүдө мунайы мол мунайлуу жаңы кендин ачылганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Аксай, Арпа, Алай өрөөндөрүнүн тереңдигиндеги палеозой тоотектеринде мунай жана газ кендеринин бардыгы илимий негизде болжолдонот.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]