Кыргызстандын тышкы саясаты

Википедия дан

Кыргызстандын тышкы саясаты — 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүү өлкө деп жарыялангандан кийин гана аны дүйнө жүзүндөгү башка мамлекеттер таанып биле башташкан. Бирок расмий түрдө үч славян республиканын (Россия Федерациясы, Украина, Белоруссия) жетекчилеринин 1991-жылы 8-декабрдагы СССР таркаганы жөнүндө келишиминен, андан соң СССРдин Президенти М. С.Горбачев бийликтен биротоло кеткенден (1991-жылы 25-декабрь) кийин Кыргызстан эгемендикке ээ болгон. Ошондон көп өтпөй АКШ, Түркия баштаган бир катар мамлекеттер Кыргызстанды өз алдынча мамлекет катары таанышарын жарыялашкан. 1992-жылы 1-февралда Бишкек шаарында 1-болуп АКШнын элчилиги ачылды 28-мартта Түркиянын, көп узабай Кытайдын, Россиянын, Германиянын элчиликтери ачылды. Соңку 9 жыл аралыгында Кыргызстандын көз карандысыздыгын 135 мамлекет тааныган. Алардын 96сы менен дипломатиялык байланыштар түзүлгөн. Бишкекте 20га жакын чет өлкөнүн элчиликтери менен өкүлчүлүктөрү ачылды. Дүйнөдөгү 20 өлкөдө Кыргызстандын элчиликтери, өкүлчүлүктөрү иштеп жатат. 1992-жылы 2-мартта Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүккө Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясында бир добуштан кабыл алынды. БУУнун башкы Ассамблеясынын 52-сессиясында 2002-жылды эл аралык Тоо жылы деп жарыялоо тууралуу Кыргызстандын сунушу кабыл алынды. 1992-жылы Кыргызстан Юнеского мүчө болду. Дүйнөлүк маданий мурастардын өнүгүшү үчүн кам көргөн бул уюм Кыргызстандын маданий, илим билим жагындагы өнүгүшүнө зор колдоо көрсөтүп жатат. 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракеси ушул уюмдун колдоосу алдында өттү. 2000-жылы Ош шаарынын 3000 жылдык салтанатына да ар тараптан жардам берди. Учурда Кыргызстан 40тан ашуун дүйнөлүк жана эл аралык уюмдардын мүчөсү. Бишкекте Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык каржы уюмдарынын мекемелери бар.

1998-жылы күзүндө КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 1-болуп Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынды. 1991-жылы 21-декабрда мурдагы советтик республикалардын он бири Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин (КМШны) түзүштү. Ага Кыргызстан да кирди. КМШга кирген мамлекеттердин чегаралары бөлүнгүс жана кол тийгис экени жарыяланды. Ошондой эле алар бири-бири менен тең укуктуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашышты. Кавказдагы Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тирешүүлөргө чек коюу маселесинде Кыргыз Парламентинин жетекчилиги демилгечилерден болуп чыкты. Кыргызстандын ортомчулугу менен, анын ичинде Кыргыз Рыспубликасынын Президенти А.Акаевдин түздөн түз элдештирүүчү зор аракети, кадыр баркы менен Тажикстанда тирешкен эки тарап элдешип, жарандык согуш жөнгө салынды. Кыргызстандык чегарачылар батальону Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагында ооган тажик чегарасын кайтаруу боюнча 1994–98-жылдары өз милдетин өтөдү.

1996–98-жылы Кыргызстан бир нече ирет Бишкекте Ооганстандагы жаңжалдашкан тараптардын өкүлдөрүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү демилгеси менен чыкты. Улуу Жибек жолунун 21-кылымдагы эл аралык карым катнаштагы таасирин арттыруу үчүн Кыргызстан дүйнө коомчулугуна өз сунушу менен чыкты. Чегара маселелери боюнча Кытай менен ырааттуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 1996-жылы 4-июньда ал өз ара түшүнүшүү денгээлинде чечилди. Казакстан менен Кыргызстан 1998-жылы чегара маселелеринде эч кандай өз ара тартышы жок экендиктерин расмий тастыкташты. Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу чегараларын аныктоо үчүн өз ара сүйлөшүүлөрдү башташты. 1999-жылы россиялык чегара аскерлери толугу менен Кыргызстандан чыгарылды. Кыргызстан «Тынчтык үчүн шериктештик» Программасынын алкагында НАТО менен да кызматташууда. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия сыяктуу өлкөлөр менен да аскердик кызматташтыктын жана өз ара консультациялардын ар кыл усулдарын жүргүзүп келет. Борбордук азия чөлкөмүндө стабилдүүлүктү сактоо жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү үчүн 1996-жылы Шанхай шаарында Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мамлекетинин башчылары биргелешип түзгөн «Шанхай бешилтиги» жемиштүү иштеп келе жатат. 2001-жылы 14–15-июньда Шанхайда өткөн юбилейлик жыйында Өзбекстан кабыл алынып, ал дагы тең укуктуу мүчө болуп калды. Ушул жыйындан кийин «Шанхай бешилтиги» Шанхай кызматташуу уюму деп аталды. Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, демократиялык, укуктук мамлекет болууну көздөгөн өлкө. Тышкы саясатында өлкөнүн чегарасынын бузулгустугун, КМШ жана дүйнө мамлекеттери менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоону, улуттар аралык араздашууларга жол бербөөнү, согуштук блокторго жана союздарга катышпоону бекем карманган бейтарап өлкө. Коңшу жана алыскы өлкөлөр менен достукта жашоону максат кылып, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Россия менен түбөлүк достук келишими түзүлдү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]