Кыргызстан тоо-руда сырьёсу

Википедия дан

Тоо-руда сырьёсуна табигый түрдө же иштетилгенден кийин пьезооптикалык, абразиялык, отко (ысыкка) чыдамдуу, жылуулук жана электр тогун өткөзбөс ж. б. материал катары өнөр жайдын ар кайсы тармактарында колдонулуучу тоотектер жана минералдар кирет. Республиканын аймагында бул сырьёнун кен-кенчелери тоо хрусталы менен кальциттин пьезокристаллдарынан, негиздүү курамдагы эффузивдерден, корунд, гранат, кварц кумунан, кварцит, графит, волластинит, базальт, фарфор ташынан ж. б. турат.

Таш куюу сырьёсуна (петрология сырьёсуна) негизинен базальт менен диабаз кирет. Алар таш куюуга жана минералдык таш була алууга колдонулат. Кенчелери Кыргыз жана Талас Алатоолорунда, Атбашы, Сумсар кырка тоолорунда бар. Боом капчыгайындагы дыкат чалгындалган Сулуутерек базальт кенинин өнөр жайлык мааниси бар. Ошондой эле Кеңкол жана Торайгыр кенчелери келечектүү болуп саналат. Озокерит кендери Фергана өрөөнүндө белгилүү. Риштат жана Майлысуу озокерит кендери маанилүү болуп эсептелет.

Ысыкка чыдамдуу жана калыптык материал катары руда эмес сырьёнун бир топ түрү металлургияда колдонулат. Отко (ысыкка) чыдамдуу сырьёдон серпентинит, магнезит, графит, кварц, кварцит, ысыкка чыдамдуу чопо, андалузит ж. б. бар. Серпентиниттин бир эле Кан кени изилденип, запасы аныкталган.

Калыптык сырьё катары Сүлүктү шаарына жакын жайгашкан Кольцо-Половинка кенинин кварцтуу кумун колдонууга болот.

Графиттин кенчелери Талас жана Күнгөй Алатоолорунда, Сарыжаз кырка тоосунда бар. Графиттин ири кени — Көөлүнүн өнөр жайлык мааниси чоң. Кыргызстанда флюорит минералдашуусу да кеңири тараган. Ал айрыкча Айдаркен жана Чабай сурьма-сымап кендеринде, Абшыр, Түндүк Акташ сурьма ж. б. кендерде кыйла өлчөмдө топтолгон.

Фарфор ташы тоо-руда сырьёсунун маанилүү түрү болуп эсептелет. Жалалабад облусундагы Үчкурт кени чалгындалып, казып алынууга даярданып коюлган. Чүй облусундагы Төмөнкү Аксуу кенчесинин да мааниси бар.

Керамикалык сырьёго ошондой эле волластонит кирет, анын орчундуу ресурсу Жалалабад облусунда жайгашкан. Абразиялык сырьёдон республикада корунд, бүлө, өгөө таштар, гранат бар. Корунддун келечектүү объектиси Чаркумтоо кени болуп саналат. Альмандин гранаты метаморфизмделген сланецтерде, гнейстерде жана амфиболиттерде кезигет.

Пьезооптикалык сырьёдон кварцтын (тоо хрусталы), кальциттин (исланд шпаты жана оптика гипси), флюориттин, турмалиндин кристаллдары бар.

Толтургуч табигый минералдарга, жылуулук жана электр тогун өткөзбөс материалдарга слюда, асбест, тальк, пирофиллит, чопо, каолин, пигменттик минералдар кирет. Слюдалуу тоотектер Талас, Түркстан, Атбашы кырка тоолорундагы жана Тескей Алатоодогу метаморфизмделген катмарларда орун алган. Асбестин чакан кенчелери Алай, Талас, Кыргыз, Күнгөй жана Тескей Алатоолорундагы, Чоң Кемин суусунун алабындагы ультранегиздүү тоотектерде топтолгон.

Тальк жана пирофиллит кенчелери аз санда жана начар деңгээлде изилденген. Тальктын бир нече кенчелери Кан ультрагенездүү тоотек тилкесинде жайгашкан. Тальктын өнөр жайлык маанидеги запасы Шамалталказы кенинде аныкталган. Кулаганташ кенчеси да келечектүү болуп эсептелет.

Курамын негизинен каолин түзгөн акчопо анча чоң эмес катмар түрүндө Сүлүктү, Шураб, Ташкөмүр, Кызылкыя ж.б. көмүрлүү аймактардагы юра мезгилине тиешелүү көмүрлүү чөкмөлөрдө кезигет. Каолин сымал чопонун маанилүү объектиси болуп Ташкөмүр (Кассай) кени эсептелет (запасы 3,2 млн м3 ). Борбордук Теңир-Тоодо акчопо Көкмойнокто жана Каракечеде бар. Өтө майда күкүмдүү монтмориллонит чопосу негизинен республиканын түштүгүндөгү палеоген катмарларында топтолгон. Трепелдин запасы Чаңгырташ кенинде (47 миң т) жана Балыкты участкасында (87,45 млн м3) жайгашкан. Республиканын аймагында пигменттик минерал сырьёсу начар деңгээлде изилденген. Анын маанилүүрөк объектилери кызыл чопо, гематит, лимонит жана марганец кычкылы, темирлүү боксит, күрөң түстөгү чополуу сланецтер болуп саналат. Чүй облусундагы Белогорка участкасы келечектүү деп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]