Кыргызстан 2022 кышкы Олимпиада оюндарында

Википедия дан
Туусу, оюндарда колдонулат
ЭОК коду:KGZ
УОК:Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
Пекиндеги Олимпиада оюндары
Спортчулар 1  спортчу 1 Спорттун түрү боюнча
Туучу Максим Гордеев
Медалдар Алтын Күмүш Коло Баардыгы
'

0


0


0


0
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу
1996  • 2000  • 2004  • 2008 • 2012  • 2016  • 2020  • 2024
Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу
1994  • 1998  • 2002  • 2006 • 2010  • 2014  • 2018  • 2022
О. эле

Кыргызстан 2022 кышкы Олимпиада оюндарына спорттун 1 түрү боюнча 1 спортчусу менен катышкан[1]. Олимпиаданын ачылыш жана жабылыш аземинде өлкөнүн туусун лыжа спорту боюнча барган жалгыз спортчу Максим Гордеев көтөрүп чыккан[2]. Спортчудан башка, өлкөнүн спорттук делегациясынын курамына машыктыруучу Игорь Борисов, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева, УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишов барган. Ошондой эле Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземге президент Садыр Жапаров дагы катышкан.

Олимпиада оюндары 4-февралдан — 20-февралга чейин Кытый Республикасынын Пекин шаарында өткөн.

Катышуучу курамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоо лыжасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн спортчулардын квалификациясы атайын FIS квалификациялык рейтингинин негизинде, 2022-жылдын 16-январына карата жүргүзүлгөн[3]. Ошол эле учурда УОК Олимпиада оюндарына катышуу үчүн өз дисциплинасы боюнча олимпиадалык рейтингдин алдыңкы 500үнө кирген жана ошол эле учурда квалификациялык жадыбалга ылайык белгилүү бир упайга ээ болгон спортчуларды гана тандай алат. 500 эң күчтүү спортчунун арасында катышуучусу жок өлкөлөр техникалык дисциплиналар боюнча В категориясынын квотасына гана жарамдуу болот[3]. Квалификациялык тандоонун жыйынтыгы боюнча лыжачы Максим Гордеев квотанын ээси болгон[4].

Спортчу Мелдеш Ылдам түшүү/
1 жолку түшүү
Слалом/
2 жолку түшүү
Баардыгы Оруну Калуусу
Убактысы Оруну Убактысы Оруну
Максим Гордеев Слалом ж/э Алдыга жылган эмес

16-февралда Гордеев слалом дисциплинасы боюнча, катар номери "81" менен жарышка түшкөн. Старт башталгандан соң жыгылып калып, андан ары жарышты уланта алган эмес[5].

Улуттук курамдын спорттук формасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылдын 28-январда Улуттук олимпиада комитети Кыргызстандын делегациясы Олимпиадага кийе турган кийимдерди жарыялап талкууга калган. Кийин ал, машыгуу учурунда гана кийиле турганын айтып жаңы форманы көрсөткөн. Анда 14 кийимдин түрү болот: Олимпиадага даярдык үчүн машыгууларга кие турган форма, машыгуу үчүн костюм, кыска жана узун куртка, пальто, футболка, кышкы бут кийим, кроссовка, рюкзак, кол кап, баш кийим жана байпак бар.

Форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү – кытайлык “Tectop” компаниясы тарабынан бекер берилген. Улуттук олимпиада комитети жана “Tectop” 2018-жылдан бери кызматташып келет. Кышкы Олимпиадасынын комплекти 2021-жылдын жайында буйрутма берилген.

2022-жылдын 17-январында УОК лыжачы Максим Гордеевге лыжа сатып берген. Параддык форманын 12 бөлүгү 2021-жылдын 30-декабрында сатып алынган. Мындан тышкары, олимпиадалык эн белгилер менен аземделип жасалган калпакка, улуттук жана олимпиадалык символикалар түшүрүлгөн желектерге, значокторго буюртма берип даярдалган.

Кыргызстандын Лыжа спорту федерациясынын президенти жана машыктыруучусу Игорь Борисов менен январь айында жолугушуу өтүп, италиялык “Vist” компаниясы өндүргөн лыжа шаймандарын, экипировканы каржылоо өтүнүчү келтирилген. Федерация тиешелүү экипировканын дизайнын иштеп чыккан.

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Максим Гордеев представит Кыргызстан на зимней Олимпиаде в Пекине (орусча). Кыргызстан улуттук олимпиада комитети (24 -январь (үчтүн айы) 2022). Текшерилген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2022.
  2. Гордеев Олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкты. (кырг.). 2022 Кышкы Олимпиада оюндары. Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2022.
  3. 3.0 3.1 Qualification Systems for XXIV Olympic Winter Games, Beijing 2022 (Alpine Skiing) (англисче). Лыжа спортунун эл аралык федерациясы (23 May 2021).
  4. Alpine Skiing Quotas List for Olympic Winter Games 2022 (англисче). Лыжа спортунун эл аралык федерациясы (17 January 2022). Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 9 -июль (теке) 2021.
  5. Лыжачы Максим Гордеев Олимпиадага катышып бүттү (кырг.). Sputnik.kg (16 -февраль (бирдин айы) 2022).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]