Кыргыз адабиятынын тарыхы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кыргыз адабиятынын тарыхы – 7 томдук, Мамл. сыйлыгына татыктуу болгон. КРУИАнын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору тарабынан даярдалып, КРУИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, проф. А. А. Акматалиевдин жалпы редакциясы алдында жарык көргөн 7 томдук кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүш тарыхы, табияты туурасындагы кеңири хронологиялык-эволюциялык мүнөздөгү системалуу ж-а комплекстүү иликтөөлөрдү камтыйт. Анда алгач өнүгүүнүн төмөнкү баскычтарында анимисттик-тотемдик түшүнүктөргө байланыштуу пайда болуп өнүгүүгө ээ болгон, оозеки чыг-лыктын бир бутагы катары эсептелген кыргыздын ырым-жырым, дарым, эмгек ырларынан тартып бүгүнкү дүйн. адабият м-н канаатташ шартта жогорку көркөмдүк-профессионализм деңгээлинде жазылган романдарга чейинки өнүгүш процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүнө, жанрдык түрлөрүнө, конкреттүү чыгармаларга ж-а чыгармачыл инсандардын чыг-лык ишмердигине адабий-илимий анализ берилген. Мурда жазылган адабият тарыхтарында, адабият таануу, фольклористика илиминде совет учурунда жаралган профессионалдык жазма адабияттын үлгүлөрүн эле эмес, байыртан муундан-муунга мурас болуп өтүп келген элдик оозеки чыгармаларды баалоодо да коомдук саясий чектөөлөргө ылайык алардын көркөмдүк наркы, жалпы адамзаттык маанисин ачып берүүдөн мурун аларга таптык, партиялык позициясына баа берүү үстөмдүк кылган. Бул жолку адабият тарыхын жазууда фольклор, байыркы ж-а кол жазма адабиятыбыздын көптөгөн проблемаларын көмүскөдөн чыгарылган. Мурда тескери баа алып келгендерге, үзүл-кесил изилдегендерге ж-а жаңы, таптакыр эле изилденбегендерге, “сырдуу сандыкка” салынып, кулпуланган материалдарга, жаңы ысымдарга биринчи жолу объективдү баа берилип, олуттуу толуктоолор болду. Жети томдун биринчи тому “Оозеки чыгармачылыктын жанрлары” деп аталган. Анда эпикалык, лирикалык, дидактикалык жанрдагы элдик оозеки чыгармачылыктын түрлөрү кеңири талданган. Мурда изилдөөчүлөр сөз кылууга, мисал келтирүүгө батынбаган Академиянын кол жазмалар фондундагы материалдар да изилдөө объектисине тартылып, кеңири малыматтар берилген. Бул томдогу “Каада-салт ырлары”, “Үйлөнүү үлпөт ырлары”, “Кошоктор”, “Сүйүү ырлары”, “Диний ырлар”, “Тарыхый ырлар” сыяктуу бөлүмдөр элдин менталитети, тарыхы, этнографиясы, психологиясы, педагогикасы м-н комплекстүү түрдө эриш-аркак каралган. Экинчи том – “Манас ж-а манасчылар” деп аталат. Буга “Манас” эпосу, “Семетей” эпосу, “Сейтек” эпосу, “Манасчылар”, “Манас” эпосун жыйноо, бастыруу, изилдөө маселелери, “Мезгилдер, муундар манасчы” деген темадагы изилдөөлөр, эпостун негизинде Президентибиз А. Акаев сунуш кылган “Жети осуяттын” маани маңызы талдаган макала ж-а манасчы, семетейчилердин жыйырма эки портрети кирген. “Манас” трилогиясын айтуучулардын ж-а жаратуучулардын хронологиялык тартипте тизмектешип берилиши – улуу мурасыбыздын өсүп-өнүгүүсүнүн таасир, таалим алуу процесстеринин картинасын даана элестетет; чыг-лык өзгөчөлүктөрү жалпылыктары ачылат. Үчүнчү том – “Кенже эпостор жана элдик поэмалар” деп аталат. Элибиз “Манас” трилогиясынан тышкары да ар түрдүү тематикадагы эпикалык чыгармаларга бай. Бул томдун негизги ил. өзгөчөлүгү – бизге белгилүү болгон “Кожожаш”, “Эр Төштүк”, “Курманбек”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Жаңыл Мырза”, “Жаныш-Байыш” сыяктуу кенже эпосторубуз бир эле вариантка эмес, бир нече варианттарга таянып салыштырылып анализденгендигинде; ошону м-н бирге мурда сөзгө алынбаган “Балбай”, “Шабдан” ж. б. тарыхый инсандарга арналган чыгармалардын да варианттары да эске алынгандыгында, элибизде о. эле Чыгыш элдердин дастандары да кеңири тарап, таланттуу акындарыбыз өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүгүбүз м-н алардын варианттарын жаратышкан. “Тарыхтын” бул томунда мындай материалдар да орун алган. Өзгөчө, кенже эпостордун ж-а элдик поэмалардын көркөмдүк өзгөчөлүгү гана көрсөтүлбөстөн, алардын жаралыш дооруна, тарыхый инсандарга байланыштуу кызыктуу ил. пикирлер баса белгиленген. Төртүнчү том – “Байыркы орток жана кол жазма адабияты” деп аталат. Мында жазма маданиятыбыздын тарыхы көп кылымдарга нары жылдырылып, кыргыз элине тиешеси жок деп саналып келген бир кездеги авторлор м-н чыгармалар – Жусуп Баласагун, Махмуд Кашгари, Бабурдун ж. б. чыгармалары кыргыз элине канчалык деңгээлде тиешеси бар экендиктери, Орхон-Енисей жазма булактарынын адабий аспектилери алгач жолу мол материалдардын жардамы м-н ынанымдуу, системалуу анализденген. Ал эми Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо өңдүү жазгыч акындар жогоруда аталган портреттеринин улай берилиши – жазма адабиятыбыздын эволюциясын көрсөтөт. Төртүнчү томдун жаңычылдыгы жазма адабиятыбыздын масштабынын кеңейтиши м-н, мурун төкмө ырчылар м-н жазгыч акындарды бир көз караш м-н карап келсек, алардын ортосундагы көркөм айырмачылыкты берүү м-н мүнөздөлөт. Бешинчи том – “Эл ырчылары” деп аталат. Акындык поэзия бизде эң күчтүү өнүккөн. Бирок бул маселеде да ага идеологиянын кесепетинен эки түрдүү көз караш м-н карап: “реакциячыл”, “бай манапчыл” ж-а “демократтар” деп бири-бирине карама-каршы коюп келдик. Бул чындыгында саясаттан улам таңууланган жаңылыш позиция эле. Ушул жаңы “Тарыхтын” барагынан гана ар бир төкмө ырчынын өзүнө таандык поэтикалык бөтөнчүлүктөрүн, жеке чыг-лык тагдырын, филос. ой жүгүртүүлөрүн бузбай бурмалабай, үзбөй, кеңири, терең таанышууга болот. Легендарлуу ырчылар – Токтогул ырчы, Кет Бука, Асан-кайгыдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки таланттардын чыгармалары объективдүү өз баасын алып отурат. Калыгул, Арстанбек, Боогачы Казыбек ж. б. сыяктуулардын чыг-лыгы чыпчыргасы коробой ар тараптуу мааниде – соц.-саясий, филос. – нравалык проблемалары чечмеленет. Алтынчы том – “20-кылымдын адабияты. (20–60 жылдар)” деп аталат. Кыргыз профессионалдык жазма адабиятынын тарыхында жаңы ысымдар – К. Тыныстанов, С. Карачев, О. Лепесов, Б. Кененсариев ж. б. орун алган. Булардан тышкары 30-тан ашуун акын – жазуучулардын чыг-лык портреттери кирип, алардын чыгармалары соцреализмдин, партиялуулук принцибинин рамкасына салынбай, эркин талдаган, кыргыз жазма адабиятын өнүктүрүүдө ээлеген орундары, салымдары аныкталат. Советтик турмуштун алардын чыг-лыгында, жалпы эле улуттук профессионалдык жазма адабиятыбыздын калыптанышында аткарган маанилүү ролу ж-а ошол эле учурда саясатка байланыштуу жаңылыктар, аша чабуулардын да болгондугу объективдүү айтылган. Жетинчи том – “20-кылымдын адабияты. (60–80-жылдар)” деп аталат. Бул том бекеринен Ч. Айтматовдун чыг-лык портрети м-н ачылбайт. Анткени, кыргыз адабиятынын жаңы көркөм-эстетикалык баскычка көтөрүлүшү ушул ысым м-н тыгыз байланышта. Анын чыг-лык адабияттын бардык жанрында калем кармаган жаштарга өз таасирин тийгизип, жаңыча изденүү, умтулуу күч алган. Натыйжада Ө. Даникеев, М. Гапаров, К. Осмоналиев, К. Жусубалиев, А. Саспаев, О. Султанов, Б. Жакиев, М. Байжиев, К. Акматов, К. Жусупов, Т. Кожомбердиев, Ж. Мамытов кыргыз окурмандарын гана эмес, союздук окурмандарды тамшанткан, көркөмдүк деңгээли жогорку чыгармаларды жаратышкан. Адабиятыбыздын “жаңы генерациясы” деп айтылган бул муун биринчи жолу “Кыргыз адабиятынын тарыхынан” портреттик планда татыктуу орун алган.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004