Мазмунга өтүү

Казат Акматов

Википедия дан
Казат Акматович Акматов
Туулган датасы:

23 -декабрь 1941(1941-12-23)

Туулган жери:

Бостери айылы, Ысык-Көл району, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы:

14 -сентябрь 2015(2015-09-14) (73 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек шаары, Кыргызстан

Жарандыгы:

ССРСКыргызстан

Ишмердүүлүгү:

прозаик, драматург, сценарист, коомдук ишмер

Чыгармачылык жылдары:

1967-жылдан тартып 2015-ж. чейин

Жанр:

Проза

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Казат Акматов (23.12.1941 - 13.9.2015) — Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук ишмери, жазуучу, драматург, публицист. Кыргыз эл жазуучусу. Кыргызстандын легендарлуу Жогорку Кеңешинин депутаты (1990-1994). Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылынын (КДК) теңтөрагаларынын бири (1990-1993).

Өмүр таржымалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1941-жылы бештин айынын (декабрдын) 23үндө Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында туулган. Атасы Акмат - ошол эле аймактагы Темир айылынан болот. Акмат 1941-жылы Экинчи дүйнөлүк согушка кетип, уруштан кайтпай калган.

Казат Акматов 1966-ж. Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Жогорку комсомол мектебин, 1967-ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1954-ж. Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы 54-жылкы заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1964-жылдан комсомолдук иштерде — адегенде Кыргызстан ЛКЖС Ысык-Көл райондук комитетинде инструктор, бөлүм башчы, 1967-жылдан 1-катчы.

1972-жылдан «Кыргызстан» басмасында улук редактор, башкы редакторго орун басар,

1974—83-ж. Кыргызстан КП БКнын инструктору, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары,

1983—86-ж. Кыргызстан мамлекеттик телерадио комитетинин улук редактору,

1986—90-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы.

1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин мамлекеттик символдор боюнча комиссиясынын төрагасы.

1990-ж. (май) айынын 25-26сында "Кыргызстан" демократиялык кыймылынын (КДК) уюштуруучусу, анын тең төрагасы (1991—93-ж.).

1994-ж. сентябрдан Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы басма сөз маселслери боюнча коомдук палатанын төрагасы.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрага орун басары (1999-2001).

Ардагер жазуучу.

Узакка созулган оорунун айынан 2015-жылы аяк оона (сентябр) айынын 14үндө Бишкек шаарында дүйнөдөн кайтты.

Сөөгү өзүнүн керээзине ылайык 2015-жылы аяк оонанын 16сында Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылынын түндүгүндөгү көрүстөндө маркум кызы Мунабиянын мүрзөсүнүн жанында жерге берилди.

Чыгармачылыгы тууралуу сөз

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи аңгемелер жыйнагы 1974-ж. «Боз улан» деген ат менен чыккан.

«Ыйык журт» (1978)

«Мезгил» (1979) романы үчүн Кыргызстан Компартиясынын жетекчилиги тарабынан 1980-жж. адилетсиз сынга кабылган.
«Мунабия» (1982) романы, «Күндү айланган жылдар» (1988), «Время земное» (1983) жана башка роман, повесть, аңгемелер жыйнактарынын автору.

«Ажырашуу», «Мунабия» (Ж.Кулмамбетов менен биргелешип жазылган), «Авария» пьесалары сахнага коюлган.

2013-жылы Лондондо анын "Эрика Клаустун 13 кадамы" аталган чыгармасы англис тилинде жарык көрдү. Оболу бул чыгарма орус тилинде жарыяланган болчу.

Бир катар көркөм жана документ фильмдердин сценарийлерин («Жаралуу үчүн өлүм», «Белый табун») жазган.
Адамдын мезгилге жана мезгилдин адамга болгон карым-катышы, өз ара таасирлери, шайкештиги же карама-каршылыгы, алардан келип чыккан окуялардын курчтугу, драмалык татаалдыгы, кырдаалдын себеп-натыйжалуу туундулары, адам эркиндиги Акматовдун чыгармаларынын иликтөө борборунда болгон.

Сыйлыктары. Наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Манас-1000” юбилейлик медалы менен сыйланган (1995).

Бүткүл союздук А.Островский атындагы адабият сыйлыгынын ээси (1978).

Кыргыз эл жазуучусу.

1992-жылдан Люксембург Улуу Герцогдугунун Кыргызстандагы ардактуу консулу.

1991-ж. Кыргыз Республикасынын Президенттик Советинин мүчөсү.

Эскерүүлөрү жана эстеликтери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казат Акматовдун ысымы Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында көл жээгиндеги көчөгө эл жазуучусунун көзүнүн тирүүсүндө ыйгарылган.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Боз улан» аңгемелер жыйнагы (1974).
  • «Ыйык журт» (1978)
  • «Мезгил» (1979)
  • «Мунабия» романы (1982)
  • «Күндү айланган жылдар» (1988)
  • «Время земное» (1983)
  • «Ажырашуу»
  • «Мунабия» пьесасы (Ж.Кулмамбетов менен биргелешип жазылган)
  • «Авария» пьесасы
  • "Эрика Клаустун 13 кадамы" романы.

Ал тууралуу адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Абдышев К."Кылым инсандары" Бишкек 2003-ж.
  • Ысык-Көл облусу: энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]