Кыргыз Өлкөсүнүн (минусин аймагы) Россияга каратылышы

Википедия дан

Кыргыз Өлкөсүнүн (минусин аймагы) Россияга каратылышы

1703-жылы кыргыздардын басымдуу бөлүгү Жуңгарияга зордоп көчүрүлүп кеткенден соң, Россия империясы ээнсиреп калган «Кыргыз өлкөсүн» ачык эле басып алуу аракетин жасай баштаган. 1707-жылы Петр Iнин буйругу менен Томск, Енисейск, Краснояр жана Кузнецкилик 1000 казак-орус Кыргыз жерине басып киришип, анын так ортолугуна Абакан чыңдоосун тургузушкан. Чыңдоо курулгандан кийин казак-орус аскер бөлүктөрү «кыргыздардын аскер адамдарын» туткундап келүүгө жөнөтүлүп турган. Сүргүндөн аман калган жана кайтып келген аз сандуу кыргыздарды эсепке алышып, «ак падыша» үчүн салык төлөшүн талап кылышкан.

1708-жылы 31-августта Кытай империясы орустарга Абакан чыңдоосу үчүн нараазылык билдирип, аны жок кылууну талап кылышат. Мындан сырткары моңголдор да бул аймакка чыңдалып алууга умтулушкан. Орустардын кыргыздарды жана кыштымдарды чокундуруу аракеттери, алардын көпчүлүгүн Саяндан ары көчүп кетүүгө аргасыз кылган. 1718-жылы Абакандан 120 км аралыкта Саян чыңдоосу курулуп, Моңголия менен байланыштыруучу башкы жолду жаап салган.

1727-жылы 20-августта Кяхтадан 20 чакырым алыстыктагы Бура дарыясынын боюнда Россия менен Кытайдын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чегара боюнча келишим түзүлөт. Аймакты бөлүштүрүү Саян аркылуу өтүп, Жуңгар ээликтерине чейин созулган. Саяндын түндүгүндөгү бардык жерлер Россияга, түштүк тарабы Кытайга өткөн. 1727-жылы Бурин трактаты бул бүтүмдү расмий аныктаган «Кыргыз жери» Россияга каратылгандан соң, анын жерлери Кузнецк, Томск, Краснояр уезддерине бөлүнүп берилген. Кыргыз жана кыштымдардын аман калгандары Сибирь админицтрацисына кошулган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]