Кытай-Корей платформасы

Википедия дан

Кытай-Корей платформасыКытай менен Кореянын басымдуу бөлүгүн ээлеп жаткан байыркы платформа. Хуанхэ дарыясынын төмөнкү алабын, Корей жарым аралын, Сары деңиздин түбүн кучагына алып, ичке тилке түрүндө батышка созулуп жатат да, Ички Моңголия аркылуу кетет. Чыгыш жак фундаменти кембрий мезгилине чейинки бүктөлүүдөн турат. Корей, Ляодун ж. аралдары, Пекиндин батышы көтөрүлүүгө учураган. Мында мигматит, гнейс, кристаллдуу сланец сыяктуу метаморфизм тектери жана гранит кездешет. Андагы аншань сериясында (астынкы протерозой) темирлүү кварциттин ири кени жатат. Платформанын ичкерген бөлүгү кийин чөккөн катмарлардан түзүлгөн. Фундаменти байкал бүктөлүү циклине туура келет. Протерозой, палеозой, кээде триас менен юра мезгилиндеги тектерден таш туз, пермде боксит кени орун алган. Платформа Түндүк Кытай, Түштүк Кытай, Түндүк-Чыгыш Кытай, Алашань, Тарим, Цайдам, Тибет массивдерине бөлүнөт. Бейшань, Алтынтаг, Хэндуаншань, Жунгар сыяктуу ири структураларга ажырайт. Башка платформалардан кыймылдуу, туруксуз келет. Тарим, Жунгар массивдери нефть менен газга бай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]