Кэмп-Дэвид макулдашуусу (1978)

Википедия дан

Кэмп-Дэвид макулдашуусу (1978)Египет жана Израил мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн тынчтык келишим. 1978-жылы 17-сентябрда Кемп-Дэвид резиденциясында (Мэриленд штаты) өткөн жолугушууга АКШ президенти Ж. Картер, Египет президенти Анвар Садат жана Израилдин премьер-министри Менахем Бегин катышкан. Жолугушуунун катышуучулары Суэц каналы боюнча сүзүү режими, эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелерди түзүү, араб-израиль жаңжалдарын жоюу жөнүндө макулдашышкан. А. Садат Газа секторундагы жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги, ошондой эле Синай жарым аралындагы Израиль басып алган аймактарды бошотууга жетишкен. Бирок М. Бегин Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму менен сүйлөшүүдөн баш тартып, Иерусалим шаарынын батыш жагын (Иордан дарыясы тарап) зордоп тартып алууну уланткан жана Голан дөңсөөлөрүн Израилге өткөрүүнү талап кылган. Египет болсо палестиналыктардын өз тагдырын өздөрү чечүү принцибин коргогон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]