Күбүр
Көрүнүш
Күбүр — дарыя, деңиз же көлдөгү муз менен капталган туруктуу таза суу мейкиндиги. Көбүнчө суунун өтө ылдам агышынан температура жогорулай баштаганда муз каптаган дарыя-көлдөрдө, жер астындагы таза суу чыккан зоналарда пайда болот. Күбүр калкыма муздардын арасында, булактарда, ГЭС тосмолорунун төмөнкү бьефтеринде жана ишканаларынан суу коё берилген ж. б. жерлерде байкалат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9