Күйүков, Кубатбек

Википедия дан

Күйүков Кубатбек (1939-ж. т., Бакай-Ата району, Миң-Булак айылы) — инженер-механик. Кыргыз Республикасынын транспортко эмгек сиңирген ишмери (1989).
1961-ж. Бишкек политехника институтунун механика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1961-ж. Талас автобазасынын ремонт мастерскоюнун начальниги болуп баштаган.
1962—63-ж. Красная речка автобазасында (Ысык-Ата району) башкы инженер, 1963—76-ж. Кант автобазасынын директору, 1976—80-ж. Бишкектеги Түндүк өндүрүштүк автомобиль трестинин башкаруучусунун орун басары, 1980—84-ж. № 6 Бишкек жүк ташуучу автобазасынын директору, 1984—90-ж. «Автовнештранстын» облустар аралык уюму — Балыкчы бөлүмүнүн директору.
1990—91-ж. Эл депутаттарынын Ысык-Көл облустук кеңешинде консультант, 1991—93-ж. Токмок жүк ташуучу автобазасынын директору, 1993-ж. апрелден Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын алдындагы трансопрт департементинин башкы директору болуп иштейт. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.